Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

КЫРГЫЗСТАНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ ШАЙЛОО ӨТҮҮДӨ


Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жүрүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда, Бишкек убактысы боюнча саат 16.00гө карай шайлоочулардын 33% добуш беришти.

Бүгүн эртең мененки саат 8ден тартып өлкө боюнча 1921 шайлоо участкалары ачылып, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо башталды. Добуш берүү кечки саат сегизге чейин уланмакчы. Шайлоонун жүрүшү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Нина Мухина буларды кабарлады:

-21 шаардык, 22 поселкалык, 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо уланып жатат. Саат 16.00 карай өлкө боюнча тизмеге киргизилген 2 миллион 315 миң 25 шайлоочунун 33% жакыны добуш берүүгө үлгүрдү. Бишкек шаарындагы добуш берүү участкаларынан шайлоочулардын тизмесинин сапатсыз түзүлгөндүгү боюнча арыздар түшүп, алар боюнча актылар түзүлүүдө.

Анын айтымында, түштөн кийинки маалымат боюнча, облустарда 30-40% шайлоочулар добуш берди. Ал эми Бишкекте 23,9% шайлоочу өздөрүнүн атуулдук милдетин аткарды.

Мыйзамга ылайык шайлоого канча добуш берүүчү келгенине карабай шайлоо өттү деп эсептеле берет жана келгендердин көпчүлүк добушун алган талапкер депутат деп табылат, деп кабарлады Борбордук шайлоо комиссиясынан.

Бүгүн эл менен катар мамлекет жетекчилери да өздөрүнүн атуулдук милдетин аткарып, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлады. Маселен, президент Аскар Акаев Бишкектеги №24 мектепте жайгашкан №1128 шайлоо участкасында добуш берди. Мамлекет башчысы шайлоо алдындагы үгүт иштеринде эл жана талапкерлер активдүүлүктү көрсөттү деп билдирди:

-Шайлоо алдындагы үгүт иштери көрсөткөндөй шайлоочулар да, талапкерлер да активдүүлүктү көрсөттү. Бул бизди кубандырат. Анткени көпчүлүк калайык жергиликтүү кеңештер өзүнчө кубаттуу күчкө айланып, жергиликтүү коомчулуктун маселелерин чечүүгө жарамдуу болуп калганын байкап калышты.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун өзгөчөлүгү тууралуу президент буларды белгиледи:

-Бул шайлоо үч себеп менен өзгөчөлөнүп турат. Биринчиден, бул жылы жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун он жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул багыттагы реформаларыбыз ийгиликтүү болгонун эларалык эксперттер да белгилеп келатат. Экинчиден, Конституциянын жаңы редакциясында жергиликтүү бийликтин укуктары күчөтүлдү. Үчүнчүдөн, бул шайлоо жаңы Шайлоо кодекси менен өтүп жатат, ал эми анда шайлоонун адилет жана калыс өтүшүнө шарт түзүлгөн.

Мамлекет башчыcs “Конституциянын жаңы редакциясы партиялардын активдүүлүгүн төмөндөтөт деген сөздөр чындыктан алыс экендигин ушул шайлоо кампаниясы далилдеди”, деп билдирди.

Мыйзам чыгаруу жыйынынsy төрагасы Абдыганы Эркебаев болсо Бишкектеги №5 мектепте жайгашкан шайлоо участкасында өзүнүн атуулдук милдетин аткарды. Бул шайлоонун өзгөчөлүгү тууралуу төрага Эркебаев мындай деди:

-Биринчиден, Кыргызстанда алдыдагы жылда өтө турган шайлоо өнөктүгүнүн башталышы болуп жатат. Андан соң эң негизги өзгөчөлүгү - бул добуш берүү жаңы Шайлоо кодексинин негизинде өтүүдө.

Жекшембидеги шайлоого Борборшайлоокомдун маалыматы боюнча 10 миңден ашуун талапкердин байкоочулары көз салууда. Анын ичинде Бишкек шаарындагы 11 шайлоо участкасынын ар биринде 30uf чейин байкоочу иштешүүдө. Борбордо ошондой эле 42 эларалык байкоочу бар.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого байкоочуларды активдүү даярдаган “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов шайлоонун жүрүшү жөнүндө мындай пикирин билдирди:

-Жалпысынан алганда шайлоочулардын катышуусу абдан төмөн болуп жатат. Биз муну күткөнбүз. Бирок мынчалык төмөн болот деп ойлогон эмеспиз. Негизинен алганда добуш берүү тынч өтүп жатат.

Жекшембидеги добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу дагы кошумча маалымдайбыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG