Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Иракта Багдаддын шийит мусулмандары отурукташкан Садыр ооданындагы куралдуу кагылышууну токтотуу тууралуу келишим жетишилди. Жекшемби күнү белгилүү болгондой Ирактын өкмөтү жана америкалык аскерлер Садыр ооданына мындан ары чабуул жасабайт, ал эми жоочулар оор куралдарын тапшырышат.

Шийит динаятчысы Моктада ас-Садырдын жакын кеңешчилери дүйшөмбүдөн тартып жеңил куралдан башка замбирек, автоматтарын полицияга тапшыра баштамакчы. Курал үчүн алар накталай акча алышат. Кабарларга караганда келишим боюнча Ирак өкмөтү жана АКШнын армиясы өз кезегинде Садыр ооданына чабуулун токтотушат.

Багдаддык шийит козголоңчулары менен АКШ армиясынын ортосунда арачы түшкөн Кареем ал-Бахет жетишилген келишим тууралуу ишембиде буларды билдирди:

-Биз сүйлөшүүдө 100 пайыз оң жыйынтыкка жетиштик. Кудайга шүгүр, Садыр ооданында салгылашты жана кан төгүүнү токтотууга жетиштик, салгылаш бүгүндөн тартып токтойт.

Ал ошондой эле тараптар туткундарды да бошотууга макул болгонун бышыктады:

-Биринчиден козголоңчулар куралдарын Ирак өкмөтүнө тапшырып, акча алышат. Ал эми Ирак күчтөрү Садырдын кишилерин жана Мехди армиясынын мүчөлөрүн жайына коёт. Алар ошондой эле кылмыш айыбы коюлбаган бардык туткундарды бошотушу керек.

Ал эми Ирактын коопсуздук кеңешинин кеңешчиси Акил Абдул Керим ас-Сафар шийит согушчандары тополоң чыкканда ооданды Ирак армиясынын аскерлеринин жана көп улуттуу күчтөрдүн кайтаруусуна жан деп макул болуп жатышканын бышыктады.

Ал эми Моктада ас-Садырдын башкы кеңешчиси Абдул Хади Даражи шейх келишимдин жетишилгенин бышыктап, ошол эле убакта АКШ армиясынын Садырда кала беришине каршы экендигин билдирди:

-Өкмөт бизге олуттуу кепилдиктерди берди, өкмөт Садырдын колго түшкөн колдоочуларынын коопсуздугун кепилдейт деп уктук. Башкы маселе – оккупацияда. Оккупацияга каршылык көрсөтүү - мыйзамченемдүү көрүнүш. Муну америкалыктар өздөрү да моюнга алып жатышат. Биз Садыр ооданында алардын болушуна каршыбыз.

Борбордук бийликке баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөтүп келаткан Фаллужа шаарында да козголоңчулар менен сүйлөшүүдө жылыш бар экени кабарланууда. Фаллужанын январдагы жалпы улуттук шайлоого карышуусу боюнча сүйлөшүү ишембиде уюштурулду. Ушул эле күнү Иракка келген АКШнын Коргонуу катчысы Дональд Рамсфелд январга чейин Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн саны 40 миңге жетет деп билдирди. Анын айтымында, шайлоого чейин Кошмо Штаттары Иракка кошумча аскер жибериши да ыктымал.
XS
SM
MD
LG