Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

СОТ ТАТАРСТАНГА ЛАТЫН АРИБИНЕ ӨТҮҮГӨ ЖОЛ БЕРЕБИ?


Муса Мураталиев, Москва Бул күндөрү Орусиянын Конституциялык соту Татарстан парламенти киргизген татар жазуусун латын тамгасына которуу сунушун карап атат. Латын арибине татарлар 1927-жылы өткөн. Ага дейре араб тамгасында жазышчу. Бирок советтик атеизм доору мусулман дининин таасиринен кооптонуп, советтик башка элдердей эле татарлардын жазуусун да латын тамгасына өткөргөн.

Сталиндин буйругу менен 1939-жылы Советтер Союзунун бардык элдери кириллицага өткөрүлгөн. Азыркы татар интеллигенттери «ошол тарыхый адилетсиздикти калыбына келтиребиз» деп, араб тамгасына да эмес, орус тамгасына да эмес, латын арибине көчөбүз дешүүдө.

Федералдык бийлик 1999-жылы Татарстан мамалекеттик кеңеши кабыл алган «өлкөнү латын тамгасына өткөрүү жөнүндө» мыйзамды пайдаландырбай келатат. Ошол маселени чечип алыш максатында татарстандык депутаттар Орусиянын Конституциялык сотуна кайрылышкан. Алар эгерде дооматыбыз оң чечилбесе анда Европалык сотко кайрылабыз дешүүдө.

Орусиянын Конституциясына ылайык федерация алкагындагы ар бир жумурияттын мамлекеттик тили болууга тийиш. Орусия демократиялык жолго түшө баштаган жылдары, так айтканда, 1999-жылы казандык татарлар «латын тамгасын орус тамгасына алмаштырып атканда 8 тыбышыбыз түшүп калган, ошону кайра калыбына келтиришибиз керек», дешип, республиканын мамлекеттик кеңеши жумурияттык мыйзамга толуктоо киргизген.

Анда 2002-жылы Мамдуманын жаңы шайланган депутаттары Орусиянын бардык элдеринде кириллица колдонулсун маанайында мыйзам кабыл алган. Мындай көрүнүштү «Эхо Москвы» үналгысынын анализчиси Андрей Черкизов мурда бир жөн эле, эми эмнеге каршы чыгабыз деген суроо коёт:

-Араб тамгасынан баш тарткан Түркия азыркыга дейре латын ариби менен жазып келет. Кыйын деле эмес экен. Анын үстүнө татарлар 1927-1939-жылдар ичинде латын тамгасын пайдаланган. Жумурият кайсы тамганы пайдаланам десе ошону пайдаланууга укуктуу.

«Маяк» үналгысынын анализчиси Егор Холмогоров болсо бул маселени кылдат ойлонуп жасалган саясий иш катары баалайт:

-(Татарстан – ММ) кабыл алган мыйзам таптаза саясий чечим болгон. Ошон үчүн жер-жерлерде буга окшогон көрүнүштөр пайда болбосун деп, ага тыюу салуу үчүн федералдык мыйзам чыгаруу органы (Мамдума – ММ) ага каршы мыйзам кабыл алган. Эми Конституциялык сотто дал ошол саясий күрөш каралып атат.

Конституциялык сот маселе менен бир күндүн ичинде - 5-октябрда таанышкан. Бирок сот жакын арада чечим чыгарбайт дешет. Байкоочулар сот баары бир татар жазуусу кириллицада жүргүзүлсүн деген чечим кабыла алат болушу керек дешүүдө.

Анткени Орусиядагы калган жумурияттар да Татарстандын соңунан ар бири өзүнчө улуттук тамга кабыл алуу коркунучу бар дешет. Адилеттик издеп казандан ат арытып Москвага келгендер болсо «сот биздин пайдага чечим чыгарбаса адилеттикти Европа сотунан издейбиз», дешүүдө.

Орусияда 100 элдин тилдери ырасмий түрдө каттоодон өткөн. Азыркы тапта 38 тилде мектептерде сабактар окутулат, 58 тилде гезит, журналдар жарык көрөт, 69 тилде үналгы жана сыналгылар обого чыгат.
XS
SM
MD
LG