Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:40

ЖАН СЕРГИТКЕН ЖАШ ЫРЧЫ


“Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дегендей, азыркы таптагы ырчылык шыгы жанар тоодой жана, ашып-ташып, канча ырдаса, ошончолук ырдагысы келген жаш аткаруучунун бири – Мурадил Сагыналиев. Ал 1992-жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын “Эл шайырлар” тобунда иштейт.

Мурадил басса-турса да кыргыздын атактуу обончу-ырчылары Атай Огомбаевдей, Муса Баетовдой, Бектемир Эгинчиевдей, Ормонбек Асановдой ырчы болсом деп, ак эткенден так эте, алардын көөнөрбөс мурастарын үзүлүп түшө оозунан түшүрбөй ырдап келет.

Жаш ырчынын Өзбекстанда, Жапонияда, Бишкекте өткөн эларалык фестивалдардын лауреаттарынан болушуна шыгынын бажырая ачылышына, жетилишине бирден-бир насаатчысы, устаты жөнүндө Мурадил мырза мындай дейт:

-Менин биринчи мугалимим Асек атам болду. Ырас, ага жолукканга чейин Атайдын, Мусанын ырларын өз алдымча мектеп окуучуларынын, айылдаштарымдын арасында ырдап жүрдүм. Атайдын, Мусанын жана элдик ырлардын залкар аткаруучусу Асек Жумабаевге жолуккан күндөн ыр дүйнөсүнөн көзүм ачылды, бактымды таптым. Устатымдан ар бир ырды ырдаганда үндү кандайча созууну, классикалык, жеңил ырларды кандай ыкмада ырдоонун түпкүрдөгү сырларын айтып, ырдап, ийне-жибине чейин көргөзүп берди. Асек атамдан Атай, Муса, Бектемир, Ормонбек аталарымдын ырларын үйрөндүм. Консерваторияны окуп бүтпөсөм да, ар дайым устатымдан колумду үзбөй ырдоодон сабак алып келем.

- Эми, Мурадил мырза сөздөн ырга өтөлү. Өздүк репертуарыңда Атайдын, Мусанын жана башка шайырлардын ырлары менен бирге ак таңдай акындардын да терме, санат, ашыктык ырлары да бар экен. Азыр угармандарга анча белгисиз улуу төкмө акын, обончу Барпы Алыкуловдун «Гөзал кыз» аттуу ырынан үзүндү аткарып берсең.

- Мурадил мырза, кезинде маркум акын Какен Алмазбековдун 13 жашар баланын атасына жазган армандуу катын өзгөчө муңкана ырдап, угуучулардын айрымдарын шолоктото ыйлатып, жандарын ачытып келген экен. Азыр болсо 13 жашар баланын 30-жылдан кийинки экинчи муңга, кайгыга жык толгон катын ырдап, угармандардын сай-сөөктөрүн сыздатып келесиң. Бул уккандарды кайгынын казанында кайнаткан муңдуу дастанды кандайча ырдап калдың? Сөзү кимдики? Дастанда кандай турмуш камтылган?

- Мен маркум агайым Какен Алмазбековдун атасы таштап кеткен 13 жашар баланын тирүүлөй жетим кылып, көрбөгөн турмушту көрүп, өлбөстүн күнүн өткөрүп жүргөнүн ырдап жүрөм. Эл аябай жакшы кабыл алышат. Кайра-кайра сурап угушат. Себеби ырда өзүбүз жашап жаткан замандагы чыныгы окуя камтылган. Ал эми экинчи каттын сөзүн Жолдошбек Бусурманкулов жазган. Обонун болсо өзүм иштеп чыктым. Бул көлөмдүү дастанда 13 жашар баланын 30 жылдан кийинки турмушу баяндалган. Ал эр жетип, үйлөнүп, очор-бачарлуу бала-чакалуу болсо да, атасын эстейт, көрсөм деп көксөйт. Өзүнүн «атасыз жетим арсыз жетим болуп» жүргөнүнө кабыргасын кайыштырат. Арманы аттын башындай болот. Ошону элге ачык айтып, ак ырдап жүрөм. Угуучуларга аябай жагат.

- Дастанды ырдаганыңда угармандар кандай кабыл алышат?

- Угармандар 13 жашар баланын биринчи катын кандай кабыл алышса, 30 жылдан кийинки экинчи катын да ушунчалык кунт коюу менен угуп, кайра-кайра сурашат. Себеби дегенде бүгүнкү күндөгү бала менен атанын ортосунда болгон кашкайган чындык ырдалат. Ошондуктан эл сүйөт, ар дайым уккусу келет.

- "Ырчынын күнү эл менен" дегендей, такай калк аралап ырдап жүрөсүң, эстрада музыкасы үстөмдүк кылып турган бүгүнкү күндө угармандардын элдик ырларга, күүлөргө, жалпы эле фольклорго болгон кызыгуулары кандай?

-Азыркы тапта эстрада жанры үстөмдүк кылып жатат. Мен ага каршы эмесмин. Бирок кыргыз болгондон кийин өзүнүн каны менен жанынан бүткөн элдик музыкасын сүйүш, угуш керек. Бүгүнкү күндө жаштарыбыз батыштын музыкаларын угуп жатышат. Макул, угушсун, мен каршы эмесмин. Биринчи кезекте өзүңдүкүн, анан бөтөн элдикин угуш керек. Акыркы кезде угармандарыбыздын элдик музыкага болгон кызыгуулары арта баштады. Бул жакшы көрүнүш. Менин оюмча «Ат айланып келип казыгын табат» дегендей, угармандарыбыз акыры фольклорду ардактап угушаарына аз гана мезгил калды деп ойлойм.

- Элдик музыканы карапайым калк арасына кеңири жайылтыш үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуң?

- Менин оюмча кыргыз филармониясынын жамааты элге көбүрөөк чыгыш керек. Экинчиден - Кыргыз улуттук телерадиоберүүлөр корпорациясы маңыздары тайкы эстрада музыкасын бергенди азайтыш керек. Үн жазуучу чакан мекемелердин иштерин көзөмөлгө алышы зарыл. Газета-журналдарга, радиодон элдик музыканын алптары, жанрлары жөнүндө көбүрөөк макалаларды жазып, көбүрөөк радиоберүүлөрдү беришибиз керек. Ошондо гана элдик музыкабызга сүйүүбүз артат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG