Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:30

Мунай экспорттоочулар кара майдын баасын арзандатуу аракетинде


Мунайды экспорттоочу мамлекеттердин уюмуна (ОПЕК) мүчө өлкөлөр мунайга болгон бааны арзандатуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшашмакчы. Бул тууралуу бүгүн Арап Эмираттарынын ырасмий өкүлү Саиф аль-Нассери ал жерде өтүп жаткан мунай министрлеринин жыйынында билдирди. Анын айтымында, ОПЕКке мүчө баардык мамлекеттер ушул тапта дүйнөлүк базарда мунай баасын арзандатуу үчүн мунайды өндүрүүнү күчөтүшөт.

Сауд Аравиясындагы мунай өндүрүш министри Али аль-Ноайми “азыр дүйнөдө күйүүчү май жетишпей жатат деп айтуу мүмкүн эмес” деди. Андан сырткары,ОПЕК эми мунай өндүрүүнү дагы көбөйтүп, анын көлөмүн күнүнө 30 млн.баррелге чейин жеткирет.

Бир баррель кара майдын баасы өткөн жума күнү 53 доллардан ашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG