Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Багдаттагы жардыруулардан кеминде 20 адам мерт кетти


Биринчи жардыруу Ирактын мунай министрлигинин жанында болуп, андан көчөдө өтүп баратышкан адамдар жапа тартышты. 17 адам өлдү, алардын ичинде жетөөсү аялдар.

Экинчи жардыруу болсо шийилердин Садр калаасында болуп, андан үч ирактык көз жумду. Ал эми үчүнчү жардыруудан бир америкалык аскер жарадар болду.

Дүйшөмбүдө радикал шийилердин лидери Моктада ас-Садрдын адамдары куралдарын таштай башташат. Ирактын утурумдук өкмөтү менен кабыл алынган келишим боюнча алар бул үчүн акчалай сыйлык алышат.

10-октябрда Иракка келген АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелд коалиция күчтөрү, ирактык жана америкалык аскерий башчылар менен жолугушту. Өз сөзүндө Рамсфелд январга белгиленген Ирактагы президенттик шайлоонун алдында абал курчуп кетиши да ыктымал экендигин, демек, коопсуздук күчтөлүшү зарылдыгын айтты. Ал, ошондой эле, Ирактын утурумдук өкмөтүнүн башчысы Айад Аллави менен сүйлөшүп, “АКШ Ирактын демократиялык өзгөрүүлөрдү улантаарын колдойт” деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG