Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Нарын шаарында бир катар мыйзам бузууларга жол берилди


НАРЫН. Шайлоо күнү Нарын шаарында бир катар мыйзам бузуулар болду. Нарын шаарындагы айрым шайлоо участкаларында болгондугубузда төмөндөгүдөй мыйзам бузууларга күбө болдук. Алсак №4065 шаардык маданият үйүндө жайгашкан шайлоо участкасында өнөктүк башталаар алдында байкоочуларга жана талапкерлердин ишенимдүү адамдарына бюллетендердин саны санатылбагандыктан акт түзүлгөн экен. Ошондой эле ушул участкада каттоосу Атбашы районундагы Акжар айылында турган эки атуулга бюллетень берилгендиги айкындалган. Ал эми шаардагы №4077 "Университет" шайлоо участкасында болсо каттоолору райондордо турган айрым студенттер бюллетень алаар маалында байкоочулар тарабынан кармалгандыгын жана акт жазылгандыгын байкоочу Кенже Бекбоев тааныштырды.

Мындан сырткары ушул участкадан талапкер Акматалиевдин ишенимдүү адамы Кубан Дүйшөкеев Шайлоо кодексинин талаптарын бузгандыгы анык болду, деп билдирди шаардык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Кенжекан Сатыбалдиева.

Облус боюнча 62% шайлоочулар добуш беришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG