Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Ысыккөлдө шайлоочулардын 58,2% катышты


КАРАКОЛ. Ысыккөл облустук шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Турсункүл Сабитовадан алынган маалымат боюнча, айылдык, райондук, шаар жана поселкалык кеңештерге 939 депутаттык мандат үчүн 1455 талапкер ат салышты.

Айрыкча Балыкчы шаарында жергиликтүү кеңештерге депутаттарга шайлоо курч мүнөздө өтүп, бир депутаттык мандат үчүн төрт талапкер атаандашты. Аталган шаарда шайлоочулардын 52,2% бул саясий өнөктүктө добуш беришти. Ал эми облус боюнча шайлоочулардын 58,2% катышты.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого ЕККУдан жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардан байкоочулар катышты.

Облустук шайлоо комиссиясынан алынган маалымат боюнча, шайлоо участкаларына арыз-даттануулар түшкөн жок. Ал эми айрым көз карандысыз байкоочулардын пикирлерине караганда, шайлоо учурунда жердешчилик, уруу-урууга бөлүнүүчүлүк кездешпей койгон жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG