Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өттү


БИШКЕК. 10-октябрда Кыргызстандын аймагында жергиликтүү кеңештердин айылдык, поселкалык, шаардык жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынан төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, алдын ала алынган маалыматтарга караганда республика боюнча шайлоочулардын 61 проценти добуш беришти жана негизинен шайлоо тынч өттү:

-Талапкерлер көп жерде анча-мынча талаш-тартыштар бар. Талапкерлер аз жерде арыздар жок. Республика боюнча шайлоо жакшы өттү.

Иманбаевдин маалыматы боюнча, Бишкекте добуш бергендердин саны 35,4% түздү. Чүй облусунда шайлоочулардын 66% добуш берген. Нарын облусунда шайлоого 62%, Баткенде 60% шайлоочу катышкан.

Мамлекет башчысы Аскар Акаев Бишкектеги №1128 шайлоо участогунда добуш берди. Президент учурда өтүп жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоону алдыда болуучу жалпы улуттук шайлоого карата даярдык катары бааларын билдирди.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жаңы Шайлоо кодексине ылайык өтүп жатышы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун демократиялык ченемин жогорулатууга түрткү болоорун
белгиледи.

"Конституциянын жаңы редакциясы жана жаңы Шайлоо кодекси жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдындагы кампанияда саясий партияларга бирдей укукта катышууга кеңири мүмкүнчүлүк берди", деди Аскар Акаев. Анын айтымында:

-Дивандык, үй-бүлөлүк деп атап жатышкан партиялар жана лидерлерин бетине кармаган партиялардын жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдындагы иш аракеттери шайлоочулар үчүн да, саясий партиялар үчүн да алдыда болуучу жалпы элдик шайлоого карата маанилүү репетиция.

Учурдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого өлкөдөгү 18 саясий партиянын өкүлдөрү катышты.

Ал эми Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев Бишкектеги №1190 шайлоо участогунда добуш берип, мурдакы шайлоолорго салыштырмалуу бул шайлоо калыс жана ачык-айкын өтүп жатканын билдирди.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодогу 6731 мандаттык орунга 10954 адам талапкерлигин койгон.

XS
SM
MD
LG