Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

МЕНЧИКТЕШТИРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ТОКТОМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек «Азаттыктан» мурда кабарлангандай, өткөн апта бою Мыйзам чыгаруу жыйынында Кыргызстанда 1991-жылдан баштап жүргүзүлгөн менчиктештирүүнүн жыйынтыгы талкууланды. Ал эми палатанын бүгүнкү отурумунда мына ошол талкуунун жыйынтыгы боюнча буга чейин депутаттык топ тарабынан иштелип чыккан жети беренеден турган токтом долбоору талкууланып, алымча кошумчасы менен кабыл алынды. Токтом долбоорун талкуулоо кызуу-талаш тартыш менен коштолду. Добуш берүүгө келгенде «Менчиктештирүүнүн жыйынтыгын текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү жана менчиктештирүүнүн жүрүшүндө кетирилген мыйзам бузуулар боюнча маселени териштирүүнү өлкөнүн Башкы прокуратурасына тапшыруу» деген сунуштар колдоо тапкан жок.

Мыйзам чыгаруу жыйыны өткөн апта бою президенттик админстрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков, өкмөт башчы Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда Кыргызстанда 1991-жылдан баштап жүргүзүлгөн менчиктештирүүнүн жыйынтыгын талкуулады. Талкуунун соңунда Марат Султанов баштаган депутаттарга менчиктештирүү боюнча талкуунун жыйынтыгы тууралуу токтом долбоорун иштеп чыгуу тапшырылган. Депутаттык топ иштеп чыккан жети берененден турган токтом долбоорун талкуулап кабыл алуу дүйшөмбү күнү кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков, Исмаил Исаков, Орозбек Дүйшеев, Бейшебек Акунов жана башка депутаттар Кыргызстанда менчиктештирүү олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолуп, убагында чоң каражатка курулган ишкана, мекеме имаараттары жең ичинен арзан баага сатылып, өлкө казнасына миллиарддаган сом түшпөй калгандыгын айтышты. Мындай мыйзам бузуулар боюнча депутаттык комиссия түзүү жана аны териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшыруу тууралуу токтом кабыл алууну сунушташты. Ошондой эле алар мыйзам бузуулар боюнча териштирүү аяктагычакты менчиктештирүүнү убактылуу токтото туруу демилгесин көтөрүштү. Адегенде Адахан Мадумаров депутаттык топ тарабынан иштелип чыккан токтом долбоору боюнча төмөндөгүдөй өз оюн айтты:

- Токтомдо менчиктештирүүнүн жыйынтыгын териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырууну жазалы. Мындан сырткары депутаттык комиссиянын ишин үч айдан кийин эмес, декабрга чейин угууну белгилейли. Анткени декабрь айынан кийин бардык депутаттар шайлоого кетип калышат. Токтомубуз жыйынтыксыз болуп калат.

Ошентип, талаш-тартыш «менчиктештирүүнүн жүрүшүндө кетирилген кемчиликтер боюча парламенттик комиссия түзүү жана мыйзам бузуулар боюнча териштирүүнү Башкы прокуратуурага тапшыруу, жыйынтыгында 1991-жылдан бери кайсыл мамлекеттик жогорку кызматкер кандай мүлктү жең ичинен менчиктештирип алгандыгын массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка ачык жарыялоо» деген сыяктуу сунуштарды токтом долбооруна киргизүүнүн тегерегинде болду. Керимкулов,Таирбек Сарпашов, Темир Сариев жана башка депутаттар «менчиктештирүү мезгилинде олуттуу мыйзам бузуулар орун алгандыгын эч ким далилдей албайт» деп мындай сунуштарга каршы болушту:

- Эгерде биз «мамлекеттин кызыкчылыгына зыян болду» дей турган болсок. Ал үчүн далилдер керек. Андай далилдер бизде жок. Мындай күнөөлөгөн токтомду Башкы прокуратуура гана кабыл ала алат. Ал эми Жогорку Кеңеш мындай токтомду кабыл алууга укугу жок. Ошондуктан мындай пунктту кабыл алуу туура эмес, - деди Таирбек Сарпашов.

Өкмөтчүл маандайдагы депуттардын жогорудагыдай пикирине каршы Ишенбай Кадырбеков сыяктуу депутаттар төмөндөгүдөй жүйлөрүн келтиришти:

- Айрым кесиптештер «биз Башкы прокуратура эмеспиз, бизде мындай фактылар жок» деп айтышууда. Биз мындай мыйзам бузууларды мамлекет башчы тарабынан түзүлгөн Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгынан алып жатабыз. Эсептөө палатасы кайсыл обьектер боюнча кандай мыйзам бузуулар орун алып жаткандыгы жана өлкөгө канча акча түшпөй калганынын айтып айтса биз кантип Эсептөө палатасынын маалыматын эске албай койо алабыз, - деди Ишенбай Кадырбеков.

Добуш берүүгө келгенде оппозициячыл маандайдагы депутаттардын жогорудагыдай сунуштары колдоо тапкан жок. Отурум соңунда «өкмөт башчы Николай Танаевдин менчиктештирүү тууралуу берген маалыматы эске алынсын, менчиктештирүү мезгилинде айрым бир мыйзам бузуулар орун алган» деген жумшак маңыздагы токтом кабыл алынды. Ал эми оппозициячыл маанайдагы депутаттар болсо аткаруу бийлик өкүлдөрү бир аптадан бери өкмөтчүл депуттар менен жекеме-жеке сүйлөшүүсүнөн улам ушундай жумшак токтом кабыл алынгандыгын айтышып, менчиктештирүүнүн жыйынтыгы боюнча өздөрүнчө кыргыз элине кайрылуу кабыл алышаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG