Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

ӨЛКӨНҮН ТЫШКЫ САЯСАТЫ, ШАЙЛОО ӨТКӨРҮЛДҮ, МИЛИЦИЯНЫ ТОНОГОН «ФЛОРА»


12-октябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу макала жарыяланса, ал эми “Аалам” гезити ушул шайлоолор тууралуу окурмандардын да ой-пикирлерине орун берди.

12-октябрда, бүгүн жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Мамат Сабыровдун Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын сессиясында талкууланган менчиктештирүүнүн жыйынтыктары боюнча баяндамасы жарыяланды. “Өкмөт 2 күндө аябай жакшы иштеген экен. Жума күнү берилген токтом сөздүн агын, карасын тактаган токтом эле, деп айтуу менен депутат Бектур Асанов, “Эки күндүн курч “тиштеринин” баарын талкалап келипсиңер. Мен жаңы долбоорду колдой албайм”, дейт депутат Бектур Асанов. Менчиктештирүүнүн жыйынтыгы тууралуу долбоорго депутат Марат Султанов да макул болгон жок, деп жазат Мамат Сабыров.

Ушул «Агым» басылмасында дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- Сессия жаңылыктары, «Дүйнө- бир бүркүм» кабарлары, жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун өтүшү тууралуу макала, эстрада ырчылары Айчүрөк Султанова менен Шамшыбек Өтөбаев тууралуу маектер, Ормон хан жалпы кыргыздын ханы болгонбу? Же сарыбагыш уруусунун эле башчысы болгонбу? деген Өмүр Султаналиевдин ой-толгоосу жана башка жаңылыктар жарык көрдү.

Ошондой эле шейшембиде жарык көргөн “Аалам” басылмасында журналист Кенжаалы Сарымсаков мамлекеттин геосаясаты тууралуу баяндап, “азыркы “караан” АКШдан башталдыбы? деп суроо коюп, жооп издейт.

“Үлкөн өлкөлөрдүн этегин кармап эптеп оокатыбызды кылалы деген туурабы? деген суроого Кенжаалы Сарымсаков, “же Балика жээгиндегилердей баары элдик биримдик, дем, улуттук ар-намыстуулук, эл башындагылардын атуулдук парзды ыйык туткандыктары, эң ириде эл таламын көздөөгө алгандыктары аркылуу болобу? Өлкөбүз ушул суроого кептелип, көңүл иренжикен көрүнүштөр көп,” деп жазат Кенжаалы мырза.

«Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу басылманын жооптуу катчысы Нарынкүл Назаралиева мындай дейт:

- «Ден соолук» бетине орун бердик. Мында туура тамактануу, тазалануу жана сергелең жашоо ыңгайы жөнүндө Элдияр Мукамбетов кеңири сөз кылат. Таластык журналист Руслан Акматовдун мамлектетик тил мыйзамынын аткарылышы тууралуу макаласы да бар. Жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун өтүшү тууралуу журналист Аида Надырбекованын баяндамасы жарык көрдү.

11-октябрдагы “Вечерний Бишкек” басылмасында Бишкек шаардык кеңешине депутаттарда шайлоо жөнүндөгү макалалардын түрмөгү жарыяланды. Ушул басылманын маалыматы боюнча “жергиликтүү кеңештерге шайлоодо өлкөнүн бир жарым миллиондой атуулу добуш бергенин, талапкерлердин 10 миңден ашуун байкоочулары болгонун, алардын катарында 42 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар экенин, маалымадайт” кабарчы Данияр Каримов.

Ушул басылманын кабарчысы Любовь Борисенко өлкөнүн ички иштер министрлигин 12 миллион сомго алдаган “Фора” жоопкерчилиги чектелген коомдун жоругун иликтеген Эсеп палатасынын маалыматын талдоого алат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG