Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:18

ООГАНСТАН: ТАРЫХЫЙ ШАЙЛОО. СЫЯ БАРМАКТЫН ЧАТАГЫ


Амирбек Усманов Ооганстанда болгон президенттик шайлоону- тарыхый окуянын элдик жана жергиликтүү уюштуруучулары-чоң ийгилик деп баалашты. Элдин добуш берүүгө “жапа тырмак” катышканы айтылууда. “Ал-Каида” менен талиптердин калдыктары шайлоону мурда убада кылгандай үзгүлтүккө учурата албады. Улуттар Уюму менен ооган тарап бирге түзгөн шайлоону өткөрүү кеңеши жана көзкарандысыз комиссия ишемби күнкү шайлоо кезинде кетирилген кемчиликтерди изилдөөдө.

Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, Ооганстандын тарыхындагы биринчи президенттик шайлоого каттоодон өткөн шайлоочулардын 70- 80 проценти катышты. Шайлоонун уюштуруучулары добуш берүү учурундагы мыйзам бузууларды териштирүү үчүн бейтарап комиссия түздү.
Шайлоону өткөрүү боюнча Улуттар Уюму-Ооган аралык кеңештин төрагасы Фарук Вардактын билдиришинче, көзкарандысыз комиссия азыр шайлоонун сабактарын үйрөнүүдө:

- Байкабай кетирилген кээ бир кемчиликтер азыркыдан бир кыйла катаал болчу парламенттик шайлоодо кайталанбайт.

Убактылуу ооган өкмөтүнүн башчысы Хамид Карзай менен атаандашкан 15 талапкердин он төртүнүн “шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз” деп чыкканы, өнөктүктүн уюштуруучуларын кыйын абалга койду.

Хамид Карзай жекшемби күнкү маалымат жыйынында атаандаштарынын талабына токтолуп, мындай деди:

- Кечээ бойкот жөнүндө угуп, аябай жаным ооруду. Ооган катары кейидим. Ооган эли добуш берди го. Бул биздин тарыхыбызда биринчи жолу болду.

БУУнун элчиси Залмай Хализад жекшемби күнү Карзайдын кубаттуу карлышатары, мурдакы агартуу министри Юнус Кануни жана мурдакы вице-президент Мохаммед Мухакик менен кездешип, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Ошондон кийин теги хазар Мухаммед Мухакек жана Масуда Жалал айым көзкарандысыз комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгын колдоого макулдук беришти.
Мухакиктин айтымында:

- Комиссия шайлоо калыс болбоду деп тапса, албетте, жаңы шайлоо өткөрүү зарыл болот.

Комиссия оболу жалгама бюллетендерди илгеп алып, андан соң добуштарды санамакчы.

БУУнун өкүлү Мануэл де Алмейда е Силва үстүбүздөгү жуманын аягында добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары белгилүү болот деген үмүттө.

Эркин жана адилет шайлоо фондунун жетекчиси Мохаммед Саид Ниязи бюлеттендерди санай берүү керек деген пикирде. Анын айтымында, бармактын белгисин түшүргөн сыя чала басылып, өчүп калган учурлар болбосо, шайлоо чын жана калыс өтмөк.

Ниязи башындагы уюмга 2300гө жакын көз карандысыз ооган байкоочу кирет.

Кээ бир эл аралык байкоочулар сыянын чатагы келечекки шайлоолордо эске алыныш керек дешет. Алардын бири Европанын коопсуздук жана кызматташуу уюмунун миссиясынын башчысы Роберт Бэрри:

- Азыркы шайлоонун жоболору жөнүндө кеп кылсак, анын ар бир “нокотун” аткаруу мүмкүн эмес. Себеби, шайлоо кызматкерлерин машыктырып үйрөтүүнүн азыркы этабында андай талапты койуу мүмкүн эмес болчу.

Роберт Бэрри айтканга караганда, шайлоо участкаларын тейлешкен акыркы 120 миң адам шайлоодон бир апта алдың гана кызматка алынып, шаша-буша өз ишине үйрөтүлгөн.

Шайлоо кызматкерлерин даярдаган вашингтондук бейөкмөттүк уюмдун Ооганстан боюнча дирктору Грэнт Киппен 9-октябрдагы шайлоо байкоочуларга катар оогандар үчүн да баа жеткис сабак болду дейт.

Ооган жетекчилиги мойнуна алгандай, шайлоону камсыздоого 100 миң аскердин тартылганы, өлкөнүн бардык 34 провинциясында добуш берүүнүн калабасыз өтүүсүнө мүмкүндүк түздү.
XS
SM
MD
LG