Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:45

Акыйкатчы Литвада


БИШКЕК. 3-октябрдан 9-октябрга чейин Литвада Чыгыш Европа жана КМШга мүчө мамлекеттердин Акыйкатчыларынын эл аралык жыйыны болду. Анда Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу “Акыйкатчы жана Ички иштер кызматы”, “Акыйкатчы жана абак маселеси”, “Акыйкатчы институту” тууралуу баяндама жасады. Мындай маалымат бүгүн Литвада жүргөн Турсунбай Бакир уулунан алынды.
Акыйкатчы андан тышкары 10 -октябрда Литванын парламентине шайлоого өз демилгеси менен байкоочу болуп катышкан. Анын баамында, Кыргызстандагы шайлоого салыштырмалуу Литвадагы шайлоо Европа стандартына жакындашкан. Талапкерлер бийликтин күчү, акча менен добуш топтобой, шайлоо алдындагы программасы аркылуу шайлоочулардын ишенимине ээ болушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG