Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

А.Акаев “Эл баатыры” болобу?


БИШКЕК. Өткөн апта соңунда Ош шаарында демократияны жана президент Аскар Акаевдин реформасын колдоо үчүн түзүлгөн “Элим менен, элим үчүн” коомдук корунун жана Ош облустук, шаардык демократиялык коопсуздук өкүлчүлүгүнүн аймактык кеңешинин бет ачар аземи болду. Бул тууралуу Жаштардын демократиялык партиясынын жетекчиси Айдар Бакыев билдирди. Анын айтымында, демократиялык түзүлүштү бузуучуларга, коррупцияга каршы күрөшүү багытында түзүлгөн коопсуздук өкүлчүлүгүнүн аймактык кеңешинде курамы 14 адамдан турган комиссия түзүлдү. Бет ачар аземинде “Элим менен, элим үчүн” коомдук кору мамлекет башчы Аскар Акаевге “Эл баатыры” наамын берүү демилгесин кайрадан көтөрүп чыкты.

“Ачык коомдо мындай демилге ар бир атуулдун, коомдук уюмдун өз эрки. Бирок, бул шайлоо алдындагы ак үйдөгү жана областттагы бийлик өкүлдөрүнүн көрсөтмөсү менен даярдалган спектакль”, - деп билдирди “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG