Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

ТИМге 60 жыл


БИШКЕК. Эртең Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгы белгиленет. Бул майрамга арналган салтанат президенттин, өкмөт башчынын жана парламент жетекчилеринин катышуусу менен опера жана балет театрында болот. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 1944-жылдын 17-мартында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин мыйзамынын негизинде түзүлгөн.Ал эми бул салтанатка катышуу үчүн бүгүн Кыргызстанга Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров келди. Салтанатка чейин Орусия менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрликтеринин кеңейтилген жыйыны болуп, анда эки өлкөнүн тышкы иштер мекемелеринин кызматташуусу, эл аралык жана региондогу олуттуу маселелер талкууланат. Мындай маалымат министрликтин басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG