Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Мыйзам чыгаруу жыйыны менчиктештирүү боюнча токтом кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы менчиктештирүү боюнча өткөн аптада премьер-министр Николай Танаев берген маалыматка байланыштуу токтом кабыл алды. Токтомдо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө көпчүлүк мамлекеттик ишканаларды банкрот деп жарыялоо туура эмес жүргүзүлгөн деп белгиленди. Андан тышкары парламент тарабынан тизмеси бекитилбеген айрым ишканалар сатылып кеткендиги, бийик тоолуу жерлерде жашагандарга мамлекеттик жер корунан жер үлүшүн бөлүү жана Чоңалай, Алай райондорундагы калктын үлүш жери чет элдик ишкерлерге берилгендиги айтылат. Токтомдо белгиленген бул кемчиликтерди өкмөт эске алып декабрь айында парламентте отчет берүүсү сунушталды.

XS
SM
MD
LG