Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Шайлоодо мыйзам бузуулар болду


БИШКЕК. «10-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо негизинен тынч өттү. Бирок, айрым шайлоо участокторунда шайлоочулардын катышуусу начар болуп, кээ бир жерлерде мыйзам бузууларга жол берилди. Аларды кылдат иликтеп, тактап бир жумадан кийин сотко өткөрөбүз», - деп билдирди “Демократия жана атуулдук коом” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, шайлоо учурунда бармак башына белги коюу ыкмасын колдонмоюнча көз боемочулукту жоюу мүмкүн эмес. Байсаловдун билдирүүсү боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы уюштуруу иштерин начар жүргүзүп, тунук үкөктөр баардык шайлоо участокторуна жеткирилбей калган.

Коалиция 165 бейөкмөт уюумунан жергиликтүү кеңештерге шайлоого 1775 көз карандысыз байкоочуну катыштырган.

XS
SM
MD
LG