Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Шайлоонун жыйынтыгы кандай?


БИШКЕК. Жергиликтүү кеңештерге 10-октябрда өткөн шайлоого шайлоочулардын 61 проценти катышты. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте шайлоочулардын 35,4%, Баткенде-60,2%, Жалалабадда-69,3%, Ысыккөлдө-58,2%, Нарында-62%, Чүйдө-66,2% добуш беришти. Добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгы 10 күндүн ичинде чыгат. Ал эми алдын-ала эсептөөлөр боюнча, Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо «Алга, Кыргызстан» партиясы көп добуш алып, депутаттык 15 орунду ээлей турган болууда. Мындай маалымат партиянын Бишкек шаардык шайлоо штабынын башчысы Эмил Каптагаевден алынды. Экинчи орунда «Менин өлкөм», андан кийин «Адилет» партиялары турат. «Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликованын айтымында, бул партия 9 орун алчудай. «Адилет» партиясынын өкүлү Людмила Сергееванын айтымында, бул партия 8 орун алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Андан кийин «Ынтымак» партиясынын бир өкүлү бир орунду ээледи деген маалымат бар. Ал эми оппозициячыл «Ар намыс» партиясы көрсөткөн 21 талапкердин бири да утушка ээ болгон жок. Партиянын өкүлү Абдысапар Баялиновдун айтымында, буга добуш берүүдөгү бут тосуулар тоскоол болду.

XS
SM
MD
LG