Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Австралиялык аял коңшусун крокодилден сактап калды


Австралияда бир аял бир кишини бутунан тиштеп, сүйрөп бараткан крокодилдин үстүнө секирип минди. 4 метр 20 сантиметр келген крокодилдин кол салуусунан экөөнүн кабыргалары сынып, бети башы айрылды.

Аялы, баласы менен чатырда уктап жаткан кишиге крокодил бүгүн таң эртең менен кол салган. Чуру-чууну укканда, коңшулаш чатырда жашаган аял сыртка чыга калып, крокодилдин үстүнө минип алган. Анын аралыгында дагы бир киши келип, крокодилди атып өлтүрдү. Ал келген чакта крокодил эр жүрөк аялды деңизге сүйрөп бараткан экен.


Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG