Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:22

Нобелдин экономика боюнча сыйлыгы ыйгарылды


- Швециянын Падышачыл Илимдер Академиясы Альфред Нобелдин наамындагы 2004-жылдагы Экономика илимдери боюнча Швециянын Банк сыйлыгын Фин Кибланд менен Эдвард Прескотт экөөнө макроэкономиканы, экономикалык саясаттын убакыт бопнча туруктуулугун жана бизнес ырагынын артындагы күчтөрдү изилдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарууну чечти, - деп билдирди Падышачыл академиянын катчысы Гуннар Окуист Стокгольмдогу салтанатта.

Норвегиялык Фин Кибланд АКШдагы Карнеги Мелон университетинде, АКШнын атуулу Эдвард Прескотт Аризона университетинде сабак берет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG