Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Иракта ас-Садырдын колдоочулары куралдарын тапшыра башташты


Кабарларга караганда, топтошуп келген куралчандар оор жана орто куралдарын полицияга тапшырып, акча алып кетип жатышат.

Курал чогултуу комитетинин жетекчиси Акил Абдул Карим ас-Сафар кабарчыларга буларды билдирди:

- Биз тополоңго түрткү болгон бардык куралдарды чогултабыз. Адамдарга үй-бүлөсүн коргоо үчүн зарыл болгон майда куралдарды кошкон жокпуз.

Багдаддын Садыр ооданында жайгашкан радикал шийит динаятчысы Моктада ас-Садырдын колдоочулары апта соңунда куралын тапшырууга макул болушкан. Курал тапшыруу беш күнгө созулат деп күтүлүүдө.

Өкмөт өз кезегинде ас-Садырдын камактагы колдоочуларынын айрымдарын бошотууга тийиш. Ирак армиясы ошондой эле аталган ооданга чабуул жасоону токтотот.

Багдаддын түштүгүндө ракеталык чабуулда эки америкалык аскердин курман болгонун АКШнын армиясы билдирди. Ал эми түндүктөгү Мосул шаарында жанкечти америкалык кербенге кол салды. Курмандыктардын саны белгилүү эмес, бирок күбөлөр карапайым адамдардын жана аскерлердин арасында жапа чеккендер бар экендигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG