Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Ооганстандагы шайлоо кризиси жөндөлө баштаган сыяктуу


Бул жердеги президенттик шайлоодо өлкөнүн азыркы башчысы Хамид Карзайдын негизги атаандашы болгон Юнус Канунини кошкондо үч талапкер шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтөөчү көз карандысыз комиссиянын тыянагын кабыл аларын билдиришти. Бул боюнча Кануни кечээ мындай деди:

-Биз шайлоо жараяны улантылышын каалайбыз. Биз мыйзам бузууларга карабай, аны бойкоттогубуз келбейт. Биз ооган элинин эркин сыйлайбыз.

Үч талапкердин жарыясына караганда, президенттик шайлоонун айланасындагы кризисти жөндөө боюнча сүйлөшүүлөрдө ийгилик бар сыяктуу. Карзайдын атаандаштары добуш берүү бурмалоолор менен коштолгонун шайлоо өткөн ишемби күнү эле билдиршкен болчу. Азыр ошол маалыматтарды иликтөөчү комиссия түзүлдү. Ал эми ооган шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, мыйзамсыз де эсептелип калышы мүмкүн болгон добуштарды эмне кылуу керек деген маселе чечилгенге чейин бюллетендерди саноо иши токтотулду

XS
SM
MD
LG