Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

ОППОЗИЦИЯЛЫК ПАРТИЯЛАР ШАЙЛООДО ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЖЕҢИЛДИ?


Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо оппозициялык партиялар жеңилүүгө учурады. Бул алардын калк арасында кадырынын жоктугунан болдубу же каражат жетишпей, үгүт иштеринин начар жүргүзүлгөнүнөн келип чыктыбы?

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев белгилегендей жергиликтүү кеңештерге шайлоо февраль айында боло турган парламенттик шайлоо алдындагы сыноо болду.

Ал эми оппозициялык күчтөр андай чоң саясий өнөктүктүн алдында ийгиликке жетише алган жок. Алар добуш берүүнүн мындай жыйынтыкталышына бийликчил партиялардын административдик каражатты ченемсиз пайдаланышы, байлардын акча чачып, шайлоочуларды сатып алуусу, оппозициялык күчтөрдүн кеңири үгүт иштерин жүргүзүүгө каражатынын жоктугу себеп болду, деп айтышууда.

Маселен, оппозициялык маанайдагы “Атамекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай дейт:

-Биринчи кезекте материалдык-техникалык, адамдык жана административдик ресурсу аз экендигинен болду. Бишкектик талапкерлер шайлоого жалпысынан 5 миллион доллардан ашык каражат сарпташты. Бул орто эсеп менен ар бир талапкер 15-20 миң доллар кетирди дегендик. Ал эми оппозициялык партиялардын талапкерлери карапайым кызматкерлер, мугалимдер, жумушсуздар, дарыгерлер - алар 10-15 миң сом сарптап, өтпөй калышты.

Текебаевдин айтымында, шаарда депутаттыкка негизинен базарлардын, арак заводдордун, ири соода уюмдарынын өкүлдөрү өттү.

Ал эми “Алга, Кыргызстандын” штаб башчысы Эмил Каптагаев өз партиясынан Бишкек шаардык кеңешке 13 депутат өткөндүгүн ийгилик катары баалап, ал эми оппозициялык күчтөрдүн жеңилиш себебин мындайча түшүндүрдү:

-Эми негизгиси, аларда талапкерлерди көрсөткөндөн кийин сүрөө болбой калды. Алардын талапкерлеринин ар бири өзүнүн арбайын өздөрү согуп калышты.

Жекшембидеги добуш берүү жана ага чейинки үгүт иштеринин жүргүзүлүшү тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов буларды билдирди:

- Жергиликтүү кеңештерге шайлоо мурдагыга караганда бир аз жакшыраак, бирок бир топ мыйзам бузуулар менен уюштуруу деңгээли ойдогудай болбой өттү. Маселен, кээ бир округдарда бийлик өкүлдөрүнүн шайлоого кийлигишүүсү байкалды, кээ бир округдарда пара берүү, түздөн түз акча берүү орун алды.

Байболовдун пикиринде, бул көрүнүштөр Жогорку Кеңешке шайлоодо кайталанса – анда кейиштүү болот. "Ал эми партиялар ичинен “Алга, Кыргызстан” административдик ресурсту өзгөчө көп пайдаланды", деп белгиледи Байболов.

Өлкөнүн мурунку мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдуразаков болсо жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу мындай оюн ортого салды:

-Бул шайлоо эмнени көрсөттү: бул шайлоо-акча көп нерсени чечээрин көрсөттү. Турмушу начар адамдарга акча, белек берип, анан акчага таянып, үгүт иштерин көп жүргүзгөн адамдар өтүп кетти. Бул таңкалыштуу деле көрүнүш эмес. Мурдагыдан дурусураак болоор бекен деген үмүт бар эле, анча-мынча жылыш бар, бирок баары баягыдай эле экендиги көрүнүп калды.

Жергиликтүү талдоочулар оппозициялык күчтөрдүн бирдиктүү үгүт иштерин жүргүзбөгөндүгүн, талапкерлерди аз сунуштагандыгын жана бул күчтөрдүн дагы эле жергиликтүү кеңештерге көп маани бербегендигин белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG