Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

Өзгөндөгү мал уурдоону милиция кызматкерлери уюштурган деген маалымат иликтенүүдө


ОШ. Жыл башында 32 жылкы уурдалып, ошол 462 миң сомдук байлыкты уурдаган кылмышкерлер катары Хасанов менен Жээнбеков 13 жылга соттолгон.

Апелляциялык арыз боюнча иш кийин облустук сотто каралган кезде бул мал уурдоо кылмыштарын Өзгөн районунун милиция кызматкерлери Таңыраков менен Абдыжапаров жетекчиликке алгандыгы, сегиз жылкыны алар көз көрүнө 75 миң сомго саткандыгы, эки жылкыны Таңыраков өзүнө калтырып, дагы бир нечеси алар тарабынан белгисиз жакка алдырылып кетилгендиги далилденип айтылган. Ага ылайык тергөө иштерин улантуу Өзгөн райондук прокуратурасына жиберилген. Тергөөчү Ороз Чыраков Таңыраковго гана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагыптыр.

Омбудсмен өкүлдөрү чыныгы кылмыш атайлап жашырылып жаткандыгы, ал үчүн тергөөчү Чыраков да жооп бериш керектиги тууралуу Ош облус прокуроруна кат жолдошту эле, прокурор ишти кайрадан күчөтүлгөн тартипте текшерүүгө жооп кат аркылуу убада кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG