Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

15-октябрда Орозо башталат


БИШКЕК. 15-октябрь Кыргызстанда Ыйык Рамазан айынын биринчи күнү болот. Мындай чечимди Кыргызстандын мусулмандарынын уламалар кеңеши кабыл алгандыгын бүгүн Муфтий Муратаалы ажы Жуманов билдирди. Анын айтымында, Орозо айт 14-ноябрда ал эми Курман айт 2005-жылдын 21-февралында белгиленет. Рамазан айында берилүүчү садага битирдин өлчөмү ар бир жан башына 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасы менен ченелип, Ош, Баткен, Жалалабад облустарында 10 сом, Чүй, Нарын, Талас, Ысыккөл облустарында жана Бишкек шаарында 9 сом деп белгиленди.

Уламалар кеңешинин чечими боюнча, жыйналган садага битирдин 50 проценти ар бир мечитте калып, 40 проценти муфтиятка, 10 проценти облустук казиатка берилет. Муфтиятка берилген каражат Ислам динин окуткан окуу жайларга жана багар-көрөрү жокторго сарпталат.

XS
SM
MD
LG