Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:29

Көмүр карьеринде 4 адам урандыга басылып набыт болду


БИШКЕК. 11-октябрда Жалалабад облусуна караштуу Аксы районунун Акжол айылынын аймагындагы “Каратыт” көмүр карьеринде урандыда калып набыт болгон 4 адамдын сөөгү табылды. Ташкөмүр шаарынын тургундары 38 жаштагы Кулубаев Жаныбек, 36 жаштагы Итибаев Жыргалбек, 32 жаштагы Качкынбаев Намазбек, 31 жаштагы Хайдалиев Абдирас карьерден өз алдынча уруксатсыз көмүр казууга аракет кылышкан учурда уранды басып калып курман болушкан. Издөө иштерин Ташкөмүр шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдик куткаруучулар бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн. Мындай маалыматты бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG