Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын сатууну көбөйтөт деген сөз бар


БИШКЕК. 12-октябрда Кыргызстанга Кытайдын Кызылсуу автоном облусунун делегациясы келди. «Электр станциялар» акционердик коомунан алынган маалыматка караганда, сапар учурунда Кыргызстандан электр энергиясын сатып алуу маселеси талкуулаант. Анткени Кытай Кыргызстандан алдыдагы беш жыл ичинде жылына 20 миллион киловатт/саат электр энергиясын сатып алууга кызыкдар болууда. Бул кыргызстандык адистер менен талкууланып, акырында тараптар экспорт стратегиясын тактап, меморандумга кол коюшмакчы.

Азыр Кытай Кыргызстандан жылына 1 миллион гана киловатт/саат электр энергиясын сатып алат.

Ал эми Чыгыш Кытайдын энергосистемасынын вице-президенти Женя Гуанцзи быйыл кышында өлкөнүн Чыгыш аймактары менен Шанхай шаары 17 миллион киловатт/саат электр энергиясына муктаж болорун билдиргендигин China Daily агенттиги жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG