Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Бейөкмөт уюмдар ассоциациясы шайлоого өз баасын берди


БИШКЕК. 12-октябрда Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын ассоциациясы жергиликтүү кеңештерге жекшембиде өткөн шайлоого байланыштуу билдирүү таратты. Анда ассоциациянын кыска мөөнөткө иштөөгө даярдалган 2 миң 413 жана узак мөөнөткө иштөөчү 112 байкоочусу добуш берүү маалында байкаган кемчиликтер менен жетишкендиктер тууралуу кабарланды. Байкоочулардын баамында, шайлоо участкалары дыкат даярдалбагандыктан добуш берүү айрым жерлерде Шайлоо кодексининин талаптарына жооп берген жок.

Андан тышкары шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттери болду. Маселен, Кемин районундагы Орловка айыл кеңешинин депутаттыгына 15 талапкерин көрсөткөн «Химия-металлургиялык» завод жекшемби күнү айлык берди. Бишкекте каттоосу жок адамдар добуш берген фактылар да болду.

XS
SM
MD
LG