Былтыр Нобел сыйлыгана татыган ирандык укук коргоочу Ширин Эбади айым бүгүн Норвегиядагы эл аралык конференцияда чыгып сүйлөп, бул сыйлык өтө барктуу болгону менен, анын Иранда эч пайдасы жок деп билдирди. Эбади айымдын айтымында, дүйнө мамлекеттеринде ага бир топ эшик ачылганы менен, Ирандагы анын аракеттери эч жеңилдеген жок.