"Ал-Жазира" сыналгысынын айтымында, америкалыктарга тыңчылык кылган деп шектелген ирактык адамды согушкерлер кармап, анын башын алды. Иракта барымтага алынып, 10-октябрда бошотулган Түркиянын он жараны мекенине кайтып келди. Аларды "Салафист Абу Бакр ал-Саддык" деген уюм барымталаган жана туткундар - алар иштеген курулуш компаниясы Ирактагы аракеттерин токтотот деген шарт менен бошотулган. Бирок компаниянын жетекчиси Али Хайдар Везироглу бүгүн "Франс пресс" агенттигине билдиргенге караганда, ал Ирактан кетпейт.