Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Төрөкул Дооров, Прага Ооганстандагы президенттик шайлоо учурунда талибдер ири террор актыларын жасай алышкан жок. Өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн АКШ баштаган коалиция күчтөрү түштүктөгү Кандагар жана Орузган облустарында абадан сокку уруп, калган талибдерди жок кылуу аракетин көрүшкөн. Добуш берүү жараянынын толук өтүшүнө ооган аскерий күчтөрү менен улуттук полициянын биргелешкен аракеттери да бир топ эле жардам болду дешет аскерий чиновниктер.

Ооганстандын ички иштер министрлигинин өкүлү Махмуд Амиринин айтымында, дүйшөмбүнүн түнүндө козголоңчулар Кабулга ВМ-12 аталышындагы кытай ракетасын учурушкан.

Андан 20 жаштагы ооганстандык өлүп, бир жаш бала жарадар болду. Амири кабарлагандай, бул окуяны илгерки аскерий чиновник, азыр “Хезб-и-Ислами” уюмун башкарып турган Галбаддин Хекматьяр жасаган болушу да мүмкүн:

-Хезб-и-Ислами менен ал-Каида жана талибдерден калгандар шайлоодон кийинки абалды бузууга далалат жасашы ыктымал, бирок биз буга жол бербейбиз. Биз ооганстандыктарга шайлоонун тынч өтүшү үчүн бар күчүбүздү жумшаарыбызды айткан элек. Добуш берүү тынч өттү. Эми тезирээк козголоңчуларды кармап, сотко беришибиз керек.

Дүйшөмбүдөгү окуя өткөн ишембиде болгон шайлоодон берки алгачкы чабуул болду.

АКШ баштаган аскерий күчтөрдүн өкүлү Скотт Нельсон айткандай, шайлоонун тынч өтүшү үчүн анын алдында көтөрүлүшчүлөргө каршы аракеттер бир топ күчөтүлгөн эле:

- Биз чынында эле козголоңчуларга каршы күрөштү күчөттүк. Мисалы, Вордак калаасында шайлоонун алдында өтө ири кагылышуу болду. Анда талибдерге, “ал-Каидага” же дагы башка террор уюмдарына тиешелүү 10 адам колго түшүрүлдү. Дагы көптөгөндөрү Пакистан чегарасынан өтүүгө аракет кылып жатып, атышуулар учурунда жок кылынды. Мунун баары - биз өлкө боюнча жүргүзгөн аракеттердин бир эле мисалы. Өзгөчө коопсуздукту күчөтүү аракеттери түштүк-чыгыш тарапка жасалып, АКШнын армиясы, испаниялык аскерлер жана эл аралык коопсуздук жана жардам күчүнүн бөлүктөрү жайгаштырылды.

Ал эми Ооганстанда коалиция күчтөрү үчүн стратегиялык байланышты камсыз кылуу менен алектенген Сем Жонсон шайлоонун тынч өтүшүндө ооган улуттук полициясы менен армиясынын мааниси да зор болгондугун айтат.

- Шайлоо күнүндө ири чабуулдар болбогондугуна биз бир чети таң калганбыз. Ошол эле учурда, добуш берүүнүн тынч өтүшү үчүн ооган полициясы менен армиясы жигердүү аракеттенгени да биз үчүн жат көрүнүштөй болгон жок. Шайлоонун өтүшүнө калктын басымдуу бөлүгүнүн каалоосу да жардам берди. Алар бизге келип, өздөрүнүн проблемалары менен да бөлүшүп жатышты. Каерде 107-миллиметрдин ракета, каерде жардыргыч заттар менен миналар бар экендигин да алардан уктук.

Алкактуу чабуулдардын бири Кандагарда болду. Шайлоого бир күн калганда козголоңчулар күйүүчү майды ташыган машинеге жардыргычты жүктөп алып, шаарга кирүүгө аракет кылышкан. “Бирок ооган полициясынын ыкчам аракеттери менен көп адамдардын өмүрү сакталып калды” дейт Жонсон. Анткени көтөрүлүшчүлөр машинени, алдын ала пландаштырылгандай, шаарда адам көп топтолчу жерде жардыра албай калышты.

Талибдер шайлоо күнүндө дагы бир чабуулга камынышкан. Бул жолу катуу кагылышуу Кандагардын түндүк тарабындагы Орузган облусунда болушу керек эле. Бирок америкалык аскерлер таштаган ракетадан талибдердин 25 адамы ошол эле жерде жок болду.

Ооганстандын коргоо министрлигинин өкүлү, генерал Мохаммед Захир Азимдин айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн “Үч шакек” аталышында иштелген план козголоңчуларды шайлоо чөлкөмдөрүнө жеркирбей туруп кармоого шарт түздү. Аталган планга ылайык, ооган полициясы ар бир шайлоо чөлкөмүнөн 500 метрге чейинки аралыкты коруп турду. Ал эми ооганстандык армия улуттук полициянын коопсуздугун камсыз кылды. Ушул үч негизги жерден алысыраак аймактардагы коопсуздук маселесине коалиция күчтөрү же жөнөкөй шайлоочулардын үй-бүлөлөрү жоопкердүү болушкан.

Бирок ушуга карабастан, ооган жериндеги негизги саясий иш-чара дале соңуна чыга элек – президент аныктала элек.

Өлкө боюнча баардык аймактардан бюллетендерди топтоого кеминде үч жума талап кылынаары айтылууда. Анткени көптөгөн айыл-кыштактардан бюллетендерди ташып келүүдө коопсуздук маселеси да, транспорт проблемалары да чачтан көп.
XS
SM
MD
LG