Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ЭЛАРАЛЫК ЖЫЙЫНЫ АЯКТАДЫ


Султан Раев, Бишкек 12-октябрда Бүткүлдүйнөлүк гезиттер ассоциациясынын эларалык конференциясы Бишкекте ишин жыйынтыктады. Эки күндөн бери ал жыйында өткөөл мезгилдин тутумунда жашап жаткан өлкөлөрдөгү эркин басма сөз каражаттарынын проблемалары талкууланды. Конференцияда азыркы этаптагы журналистика, журналисттердин кесиптик тилектештиги, биримдиги ошондой эле, эң маанилүү документ - эркин басма сөздү колдоо декларациясы да кызуу талкууга алынды.

Бүткүлдүйнөлүк гезитер ассоциациясынын Бишкекте уюштурган эларалык конференциясы журналистикадагы эң актуалдуу маселелерди козгоду. Айрыкча, Алматы шаарында кабыл алынган Азия өлкөлөрүндөгү басма сөздүн эркиндигин камсыз кылууга умтулуу жана плюрализмди жайылтууну колдоо декларациясы конференциянын өзөктүү маселесине айланды.

Ошондой эле Дүйшөмбүдө кабыл алынган Массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин колдоо декларациясы да бир топ кызуу талаш-тартышты туудурду. Негизинен бул эки документти талкулоо учурунда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сөз эркиндигине карата жүргүзүлүп жаткан ар кандай кысымдар акыры барып келип эле бул өлкөлөрдөгү демократиялык процесстерге тоскоолдук кылышы мүмкүн деп баалады чыгып сүйлөгөндөр.

Мына ушул мааниде Маурин Джеймс, НАНСМИТ уюмунун Тажикстандагы өкүлү Нуриддин Каршибоев, Казакстандагы «Адил сөз» эркин басма сөздөр мониторинг тобунун жетекчиси Тамара Калеева өз ойлорун, көз карашын ортого салды.

Өткөөл мезгилдеги демократиялык басма сөз кандай болуш керек, деги эле сөз эркиндигин коргоо жана колдоо кандай жүрүш керектиги тууралуу «Принт енди транс пресс» уюмунун генералдык директору Наташа Лесендрик мындай деди:

-Бишкек конференциясы өз ара түшүнүүгө, тажрыйба алмашууга зор көпүрө түзүп берди. Бүткүлдүйнөлүк гезиттер ассоциациясынын күн тартибинде каралган маселелер эң оболу сөз эркиндигин коргоого багытталган. Бул багытта биздин эларалык уюм бардык позитивдүү кадамдарды жана идеяларды колдойт.

Акыркы кезде Бишкекте өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан «ММКны колдоо басма үйү» басмаканасынын ишке киргизилиши менен өлкөдө гезиттерди басып чыгарууда эч бир гезитти баспай коюу фактысы кездеше элек деп баалады журналист Александр Баршай:

- Акыркы жылдар аралыгында бир да гезитти басуу учурунда саясий мотив менен токтотуу фактысы кездешкен жок. Бул албетте, Бишкектеги көз карандысыз басмаканадан чыгып жаткан эркин басма сөз каражаттарына таандык көрүнүш.

Ал эми Кыргызстанда демократиялык басма сөздүн бардыгына карабастан ага карата расмий бийлик тарабынан ар кандай бут тосуулар болуп жаткандыгын «Фергана» эркин гезитинин баш редактору Бакыт Орунбеков төмөндөгүдөй белгиледи:

-Бүгүн жыйында кошуна мамлекеттердеги басма сөздүн абалына салыштырганда Кыргызстандагы акыбал жакшыдай көрүнүп, стабилдүүлүк сезилет деп айтылды. Бирок аны менен Кыргызстандын журналисттери макул болбой жатышат. Кыргызстандагы журналисттердин укугунун тебеленип жатышы же маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатышы журналисттерди кыйноого, кысымга учурап, көп учурда журналисттердин сот жообуна тартылуу аракеттери, бийликтин үстөмдүгү кысымга учурап жаткан фактылар айтылып жатат.

Конференциянын жүрүшүндө ЮНЕСКОнун сөз эркиндиги, демократия жана тынчтык маселесин изилдеген атайын тармагынын бет ачаары да болуп өттү. Бул уюм ушул чөлкөмдөгү эркин басма сөз маселесин, демократиялык өзгөрүүлөрдү изилдейт жана мониторинг жүргүзмөкчү.

Эларалык конференция бардык журналисттерди эркин сөз аркылуу биригүүгө, чыныгы демократиялык процесстерге умтулууга чакырды.
XS
SM
MD
LG