Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

ЕККУ Беларусиянын бийликтерин сынга алды


Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун бул жолку сынына Беларусиянын бийликтери ушул жекшембидеги референдумга баруучу байкоочулардын айрымдарына виза бербей койгону себеп болду. Виза Чехиянын, Грециянын өкүлдөрүнө берилген эмес. Беларус тараптын түшүндүрмөсүнө караганда, бул аталган өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерге байланыштуу. Жекшембидеги референдумда беларусиялыктар президент Александр Лукашенко Конституция тыюу салганына карабай үчүнчү мөөнөт үчүн президенттик шайлоого катыша алабы же жокпу деген маселени чечиши керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG