Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Палестин лидеринин тууганы кол салуудан аман калды


Окуя кечээ кечинде Газа секторунда Палестинанын коопсуздук кызматынын кеңсесинде болгон. Палестин лидери Ясир Арафаттын жакын тууганы, автономиянын коопсуздук кызматынын жетекчилеринин бири Муса Арафаттын билдиргенине караганда, токтоп турган автоунаалардын бири анын автокербени кеңседен чыгып келе жаткан кезде аралыктан башкаруу менен жардырылган. Муса Арафат жардырууну жасагандар табылаарын убада кылууда. Окуя үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек. Израил жардырууга тиешеси жоктугун билдирди.

Палестин лидери өзүнүн жакын тууганын быйыл июлда Коопсуздук кызматтын башчылыгына дайындашы палестин уюмдарынын катуу нааразылыгын жараткан. Натыйжада Арафат тууганын Коопсуздук кызматынын башчылыгынан кайра алууга аргасыз болуп, бирок тармактагы маанилүү кызматтардын биринде калтырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG