Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Америкалык жана ирактык аскерлер козголоңчуларга каршы операциясын күчөттү


Кечээ аскерий учактар Фаллужа шаарына сокку уруп, кеминде беш адам каза болду. Америкалык командачылыктын айтымында, бутага теги иорданиялык согушкер Абу Мусаб ал-Заркаунин адамдарынын турумдары алынган. Аба чабуулу Хит шаарына да жасалды. Ал жерден кеминде эки адам мерт болгон. Рамади шаарында болсо козголоңчулар курал сактоо үчүн пайдаланып жатат делген мечиттерде тинтүү жүргүзүлдү.

Ал эми Багдаддын Садр районунда шийиттердин радикал дин ишмери Моктада ас-Садрдын согушкерлери куралдарын акчага алмаштыруусу уланууда. Бирок АКШ армиясынын билдиргенине караганда, Садр районундагы согушкерлердин баары эле өз лидеринин америкалык жана ирактык аскерлерге кол салбоо жөнүндөгү буюругун аткарган жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG