Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

ШАЙЛООНУН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ, ӨЛКӨДӨГҮ МААРАКЕЛЕР, КАРООСУЗ КАЛГАН БАЛДАР


13-октябрда жарык көргөн “Республика” жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыктары тууралуу жазды. Ал эми “Адабий гезит” басылмасы белгилүү акын Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгы жөнүндөгү илимий конференция тууралуу макалага орун берди.

13-октябрдагы «Республика» «Кыргызстандын элдик кыймылы” бирикмеси тууралуу саясатчылардын ой-пикирлери жарыяланды. «Республика» гезитинде дагы кандай макалалар чыгып жатканы тууралуу башкы редактор Замира Сыдыкова мындай дейт:

-Жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыктары тууралуу, анда жеңишке жетишкен саясый партиялардын өкүлдөрү жөнүндө макалалар жарык көрдү. Себеби Бишкектеги шаардык кеңештерге шайлоодо биздин кабарчылар да байкоочу болушкан. «Алга, Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү айрым участоктордо жеңишке жетишти. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун бир жылда аткарган иш-аракеттерине журналисттик иликтөө жүргүзүп, талдоого алдык.

Шаршемби күнү «Адибий гезит» да жарык көрдү. Анда белгилүү акын Айгүл Узакованын чыгармачылыгы, жан-дүйнөсү жана жеке турмушу тууралуу маек жарыяланды. «Адибий гезитте» андан башка кандай мазмундагы макалалар жарыяланганы тууралуу башкы редактор Асанбек Кулманбетов мындай дейт:

-Белгилүү акын Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгы тууралуу илимий конференция тууралуу чоң макала жарык көрдү. Токтогул Сатылгановдун 140 жылдыгына карата журналист Тенти Орокчиевдин макаласы, «Каргыш тийген кайыната», «Мүрзөдө туулган бала», «Бечера эненин көз жашы» деген кыргыз сериалдарынын уландысы жарыяланды.

13-октябрда «Трибуна» гезити басууга даярдалып жатат. Анда журналист Сергей Богдановдун Аламүдүн районундагы укук коргоо органдарындагы мыйзамсыздык тууралуу иликтөөсү, жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыктары тууралуу жана көчөдө кароосуз калган балдардын тагдыры жөнүндө макалага орун берилип жатат.

12-октябрдагы «МСН» басылмасы “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун Аламүдүн жана Гагарин шайлоо округдарын мыйзам бузуулар үчүн сотко бергенин, жергиликтүү кеңештерге шайлоо адилетсиз өткөндүгүн маалымдады.

12-октябрдагы “Слово Кыргызстана”, “Вечерний Бишкек”, “Эркинтоо”, “Кыргыз туусу” гезиттери жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоолордун алгачкы жыйынтыктары тууралуу баяндамаларды жарыялады.

Ошондой эле ушул басылмалар өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин 60 жылдыгы жана Исхак Разаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университетинин 50 жылдык мааракеси тууралуу макалалар жана маектерге орун беришти.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG