Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:10

ООГАН АСКЕРБАШЫГА КАРШЫ ЛОНДОНДО СОТ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 8-октябрда Лондондо бир ооган жаранына каршы сот башталды. Фариади Сарвар Зардад деген адам - мындан он жыл мурда Ооганстанда каракчылык кылып, бейкүнөө адамдарды кыйнап-зордогону үчүн соттолууда. Буга чейин Британияда бир да чет өлкөлүк адам мындай күнөө менен соттолгон эмес.

1988-жылы Улуу Британияда атайын мыйзам кабыл алынып, адамкерчиликке каршы кылмыш кылган чет өлкөлүк жарандарды Британияда соттоого уруксат берилген. Мындан бир нече жыл мурда Чилинин бир кездеги башчысы Аугусто Пиночет Лондонго келгенде, дал ошол мыйзамдын негизинде аны соттоого аракет жасалган, бирок британ өкмөтү ага жол бербей, Пиночетти жөн кана Чили жетекчилигине өткөрүп берген.

Ошондуктан 8-октябрда Лондондо башталган сот - ал мыйзамдын алгачкы жолу ишке ашырылышы. Соттолуп жаткан 41 жаштагы адамдын аты Фариади Сарвар Зардад, Британияда жарыяланган маалыматтарга караганда, ал Ооганстандын мурдагы премьер-министри Гүлбеддин Хекматиардын "Хезби-и-Ислами" партиясынын мүчөсү болуп, 1992-жылдан 1996-жылга чейин Кабул шаарынан Жалалабадка кеткен жолду көзөмөлдөгөн. Ал жол аркылуу Кабулга Пакистандан гуманитардык жардам келип турган жана Зардаддын адамдары аларды карактап, көптөгөн карапайым адамды кармап, зордук-зомбулук кылган. Эл аны Зардад Хан деп атачу.

1996-жылы Кабулдагы бийликке талибдер келгенде, Зардад Британияга качкан жана азыр Лондондун түштүк аймагында пиццерия кармайт. 2000-жылы аны Би-Би-Си сыналгысынын журналисттери таанып, маалымат тараткан. Бирок ал качан кармалып, ага каршы ким сотко бергени ачык жарыяланган жок. Зардадды элдик сот соттоп жатат, ал топтун курамына сегиз эркек жана төрт аял киргизилди, бирок алар 11-октябрда бул сот жараянынын артында ким турат деп сураганда, сот Колман Трейси ага ачык жооп берген жок.

Күнөөлөчү тараптын атынан 8-октябрда Улуу Британиянын башкы прокурору Питер Голдсмит сүйлөдү. Анын айтымында, Зардад жасаган кылмыштар чектен чыккан мыкаачылык менен коштолгон, ошондуктан аны дүйнөнүн кайсы болбосун мамлекетинде соттосо болот. Сотко Зардаддын мыкаачылыгын көргөн жана анын колунан запкы жеген күбөлөр да катышууда, бирок алар Лондонго чакырылган жок, алар сотко видео-байланыш аркылуу көрсөтмө берет. Күбөлөрдү кээде ушундай ыкма менен Гаага шаарындагы Эл аралык трибунал дагы сурайт.

Кыйноолор боюнча адис Эндрю Хоггдун айтымында, Зардад оогандыктарды гана эмес, чет өлкөлүк жарандарды да кармап-кыйнаган:

-Биздин колго тийген маалыматтарга караганда, Зардад Гүлбеддин Хекматиардын шериги болгон жана анын мыкаачылыгынан мусулман эмес адамдар жапа чеккен. Көбүнчө Пакистандан Кабулга келип-кеткен индустар менен сикхтер кармалып-каракталган.

Лондон шаарындагы "Редресс" аттуу адам укуктарын коргогон уюмдун эксперти Розанна Месквитанын айтымында, сот адилет өтөөрүнө ал ишенет:

-Британиялык сот өзүнүн адилеттүүлүгү менен белгилүү. Андан тышкары бийлик Адам укуктары боюнча мыйзамга баш ийүүгө тийиш. Анын алтынчы беренесине ылайык, ар бир адамдын адилет сотко туш болууга укугу бар. Эгер күнөөлөчү тараптан кандай болбосун адилетсиздик байкалса, соттолуп жаткан адам ага каршы арыз бере алат. Мен ишенем, сот бардык күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угат.

Америкалык аскерлер 2001-жылы талибдерди бийликтен кулаткандан кийин, аларга каршы беш-алты жыл бою согушуп келген Хекматиар америкалыктарга каршы согуша баштаган жана азыр кайсы бир кошуна өлкөдө жашынууда. Америкалыктар ага каршы бир топ аракет көрдү, бирок өлтүрө да алган жок, кармай да элек.
XS
SM
MD
LG