Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

ОКУМУШТУУЛАР КОЛДООГО МУКТАЖ


Кыргызстандын жогорку окуу жайларында жана илимий изилдөө мекемелеринде иштеген окумуштуулар мамлекеттин колдоосуна муктаж. Бул маселе шаршембиде Мыйзам чыгаруу жыйынынын билим берүү комитетинде каралды. Комитеттин төрагасы Жангороз Каниметовдун билдирүүсү боюнча, буга Улуттук илимдер академиясы баштаган бир катар илим изилдөө мекеме кызматкерлеринин кайрылуусу себеп болду.

Кыргызстандын улуттук академиясында азыр илимдин 141 доктору, 319 кандидаты иштейт. Академиянын президенти Жаныбек Жээнбаевдин айтымында, алар быйыл 12,5 миллион сомдук илимий иш жасашып, баасы бир миллион долларлык чет элдик өтүнүчтү аткарышты.

Жылына 22 наамдагы окуу китебин жазышып, 120 илимий монография чыгарышат. Бирок кийинки кезде талантуу окумуштуулар башка жактарга кетип, жаштар келбегендиктен кыргыз илими коркунучка кептелди. Жаныбек Жээнбаевдин айтымында буга маянанын аздыгы башкы себеп:

-Академияда орточо айлык 1 миң 339 сом. Мунун ичинен башкы илимий кызматкердики 1 миң 800 сом, лаборатория башчысыныкы 1 миң 850, жетектөөчү илимий кызматкердики 1700, ага илимий кызматкердики 1300, илимий кызматкердики 1200, кенже илимий кызматкердики 1000 сом. Азыр пол жууган адам 1000 сом алат. Анан илимпоздорду кантип кармоого болот?

Мындай көкөй кести абалга айрыкча Айыл, суу чарба министрлигине тиешелүү мал чарба жана ветеринария илим изилдөө институту да кептелди. Институттун бөлүм башчысы Алтыбай Назаркуловдун айтымында, кезегинде койдун 3, уй, жылкы, эчки жана тооктун экиден асыл тукумдарын аргындаштырып чыгарган институт азыр жоюлуу алдында турат.

Маянанын аздыгы жана социалдык камкордуктун жоктугунан жаштар илимге кызыкпай институтта иштеген окумуштуулардын орто жашы азыр 70ке жетти:

-Бизде илимдин доктору, профессор жана айыл чарбасына эмгегин сиңирген кызматкердин айлыгы 1 миң 950 сом. Андан салык менен социалдык фонд төлөмдөрү кармалгандан кийин колуна 1 миң 600 сом алат. Илимдин кандидаттары 1000 сомдун тегерегинде акча алышат. Аспирантуранын биринчи жылында окуган аспиранттын стипендиясы 500 сом. Ошондуктан бир да адам аспирантурага келбей коюп, азыр аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө окуган бир адам жок.

Жогорку окуу жайлардын ректорлорунун билдирүүсү боюнча, жогорку, айрыкча педагогикалык билим берүүчү окуу жайлар да мына ушундай кыйын абалда турат. Ушундан улам дене тарбия, искусство, педагогикалык, агрардык университеттердин жетекчилери өкмөттөн кошумча акы көлөмүн көбөйтүүдөн майнап чыкпасын белгилешип, өкмөт аларга каражат табуу эркиндигин берүү зарыл деген пикирде турушат. Ал тууралуу Ишенаалы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин ректору Аблабек Асанканов минтет:

-Мамлекет кошумча акча бере албайт. Бирок баарыбызды бир алкакка салып жатат. Демек, биз кошумча түрдө кандайдыр бир акча таап студенттер менен мугалимдерге бергенге мүмкүнчүлүк бербей жатат. Бизге ушундай эркиндик берилсин.

Ушундан улам Мыйзам чыгаруу жыйынынын билим берүү иштери боюнча комитети илимдин докторлорунун айлыгына 2000 сомдон, илимдин кандидаттарына 1000 сомдон кошумча акы кошуп берүү мүдөөсү камтылган катты мамлекет башчы менен өкмөткө жолдоо жөнүндө токтом кабыл алды.

Ал эми интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Каныбек Осмоналиевдин айтымында, окумуштуулардын талабынын аткарылышы күмөн. Анткени, өкмөт каражаттын жетишсиздигинен илимди колдоо боюнча матрицада көрсөтүлгөн милдеттерди да аткара албай жатат:

-Илимди 2005-жылга чейин реформалоо жөнүндө мамлекеттик программа бар. Ошонун алкагында илим тармагы 2005-жылга ички дүң продукциянын бир проценттик үлүшү менен камсыз болсун деп каралган. Бул аткарылбайт, анткени Каржы министрлиги каршы болду. Быйыл ошол эле матрицанын алкагында окумуштуулардын айлык акысы жогорулатылышы керек эле. Андан тышкары аспиранттарга жетекчилик кылган окумуштууларга да айлык акысы көтөрүлмөк. Каржы министрлиги булардын баарына каршы чыкты.
XS
SM
MD
LG