Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

14-октябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 15-16-октябрда Кыргызстанда аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болот. Жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Республиканын кээ бир аймактарында күндүз абанын температурасы 3...8 градуска чейин төмөндөйт.

14-октябрда Ош, Баткен, Жалалабад облустарынын тоолуу аймактарында жамгыр жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн +2...+7, күндүз +16...+21 градус.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +15...+20 градус.
НАРЫНДА түнкүсүн +1...+6, күндүз +16...+21 градус жылуу болот.
БИШКЕКТЕ жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +20...+22 градус жылуу болушу күтүлөт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Чолпон Орозобекова, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG