Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Пахтада өзбекстандыктар жалданып иштөөдө


ЖАЛАЛАБАД. Облустун пахта талаасына күн сайын өзбекстандыктардын келип иштөөсү адатка айланды. Үлүш жана ижара жери көп түшүм жыйноого үлгүрбөгөн дыйкандар баасы былтыркыдан 8-10 сомго төмөндөп кеткен пахтанын килограмына тамагы жана жол киресинен сырткары бир жарым сомдон акы төлөшүүдү. «Справедливость» уюмунун Базаркоргондогу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча күнүгө Өзбекстандык 2 миңге чукул адам районго өтүп, айыл чарба, мал чарба, курулуш, соода сатык тармагында иштеп жан багат. Коңшу өлкөнүн чек ара айылдарынын беш миңдей тургуну Жалалабад, Майлуусуу, Сузак, Ноокен, Аксы, Алабука аймактарында таңзаардан күүгүмгө дейре жалданып иштейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG