Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Чегара боюнча эксперттер сүйлөшүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Баткен облусунда кыргыз-өзбек чегарасын делимитациялоо боюнча эксперттер деңгээлинде жолугушуулар башталды. Ал 16-октябрга чейин созулат. Бул тууралуу облустун губернаторунун орун басары Шадыбек Бакыбеков билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Баткен, ал эми Өзбекстандын Фергана облусунун аймагынан өткөн чегара тилкелерин аныктоо багытында жүргүзүлөт.

Эки мамлекет төрт жылдан бери чегараларын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана андан бери 1295 чакырым келген чегара сызыгынын бир миң чакырымдан ашыгы делимитацияланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG