Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Ганси аскердик базасы кеңейбейт


Манас аба майданындагы АКШ баштаган коалициялык куралдуу күчтөр кеңейтилбейт. Мындай пикирди 13-октябрда АКШнын элчиси Стивен Янг билдирди. Ооганстандагы президенттик шайлоо учурунда коопсуздукту камсыз кылууда Испаниянын жана Норвегиянын аскерлери жардамга келген. Бирок элчинин айтымында бул кеңейүү убактылуу көрүнүш.

-Негизинен, кеңейүү аскердик базанын планында жок. Тескерисинче Ооганстандагы коопсуздукту сактоого салым кошууда азыркы болгон курамды бир калыпта сактап туруу жагы каралууда.

Мындай пикирин Стивен Янг мырза АКИпресс маалымат агенттигинде билдирди. Элчинин айтымында, Ганси аскердик базасы Ооганстандагы кырдаалга жараша жана кыргыз бийлиги канчага мүмкүндүк берсе ошончо убакыт бою Кыргызстанда калат.

АКШ элчилигинен алынган маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Ганси аскердик базасында АКШ, Голландия жана Испаниядан келген 1000ден ашык чет элдик аскер бар.

XS
SM
MD
LG