Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:09

АКШ Кыргызстанды демократиялык реформалар боюнча лидер катары көргүсү келет


БИШКЕК. Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан демократиялык реформаларды турмушка ашырууда дайыма лидер болуп келген. Мындай пикирин бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг АКИпресс агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Элчининин айтымында, коңшу мамлекеттерге караганда Кыргызстандын колунда бийликти тынч жана демократиялуу жол менен тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Ал эми элчи мырза 10-октябрда жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо ага жакшы таасир калтырганын билдирди. Андыктан алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор ачык- айкын жана демократиялуу өтөт деген үмүттө.

Бирок Американын элчиси айрым мыйзам бузууларга бөгөт коюш үчүн келерки шайлоолордо бармакка белги коюу ыкмасын киргизүү керек деп эсептейт. АКШ өкмөтү буга чейин бармакка белги коюуга кеткен чыгымды көтөрүү сунушу менен кыргыз бийлигине кайрылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG