Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

ИРАКТЫН КУРАЛ ТЕХНОЛОГИЯСЫН ЭКСПОРТТОГО БӨГӨТ КОЮЛАТ


Кошмо Штаттардын БУУдагы элчисинин орун басары Эн Паттерсон Вашингтон МАГАТЭнин отчётуна байланыштуу иликтөө жүргүзүүгө даяр деп ырастады. 12-октябрда Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Ирактын өзөктүк программасынын айрым компонеттери жоголуп кеткендигин айтып, камтамачылыгын билдирген эле. БУУнун Курал инспекциясы да химиялык, биологиялык же баллистикалык курал-жарак чыгарууда колдонулчу жабдыктардын жайылып кетиши өтө коркунучтуу деп эсептейт.

Өткөн айда БУУнун курал инспекциясы жараксыз делинген металлдын тонналары Ирактын сыртына ташылып кетип жатканын Коопсуздук кеңешине билдирген эле. Алардын арасында тыюу салынган ракеталардын моторлору, химиялык, биологиялык жана баллистикалык курал жасап-чыгарууда пайдаланылчу жабдыктар да байкалган.

Миссиянын жетекчиси Деметри Перрикос Ирак администрациясы эки максатта – тынчтык жана аскерий пландар үчүн пайдаланса боло турган жарак-жабдыктарды контролдоо үчүн атайын топ түзүшү керек деген сунушун киргизген эле. Инспекциянын басма сөз өкүлү Юн Бьюканен агенттик Багдадка бул жаатта жардам берүүгө даяр дейт:

-Биздин оюбузда, адегенде Ирак аспаптардын кайда экенин билиш үчүн толук тизме түзүшү керек. Башкача айтканда, инвентаризация өткөрүп, кайсы жабдык колдонууга жарактуу, кайсынысы демонтаждалганы же жок кылынганы аныкталууга тийиш.

Курал инспекциясынын эксперттери Ирактан 2003-жылдын март айында, АКШ баштаган коалициянын өлкөгө басып кирүүсүнүн жуп алдында чыгып кетишкен. Кетээрден мурун инспекторлор өзөктүк жабдыкдарды белгилеп чыгышкан:

-Биз Иракта акыркы жолу болгондо өзөктүк жайларды сүрөткө тартып алганбыз. Анда эмне кайсы жерде экени айкын көрүнүп турат. Бирок бул былтыр мартта болгон. Өзөктүк жайлар талкаланганда керектүү маалыматтарды жоготуп жиберебиз деп чочулаганбыз.

Инспекциянын отчетунда керексиз делинген таштандылар арасында 42 ракетанын мотору бар экени айтылган. Вашингтон бул фактыга камтамачылыгын билдирип, кооптуу материалдардын жайылып кетпеси үчүн Ирак өкмөтүнө чегара көзөмөлүн күчөтүүгө кол кабыш кылабыз деп БУУнун Коопсуздук кеңешин ишендирген эле.

“Азаттыктын” Нью-Йорктогу кабарчысы шейшембиде Ирактын БУУдагы миссиясына кайрылып, бул маселеге байланыштуу комментарий ала алган жок.

АКШнын мамдепартаментинин өкүлү Ричард Баучер Багдад администрациясы өзөктүк, химиялык жана башка куралга байланышкан жабдыктар менен технологиялардын экспортуна бөгөт коюу үчүн тыкыр чараларды көрүп жаткандыгын белгиледи:

-Курал технологияларынын жайылып кетпеши үчүн биз ортоктошуп иштеп жатабыз. Ирактын өткөөл өкмөтү аспаптардын коркунучтуу адамдардын колуна тийбеши үчүн аракеттенүүдө.

Ал эми курал инспекциясынын Ирактагы жаңы ролу жөнүндө мамдептин өкүлү кабардар эместигин айтат.
Июнь айында кабыл алынган резолюцияда БУУнун Коопсуздук кеңеши Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик менен Курал инспекциясынын Ирактагы мандатын узартууну чечкен.

Өткөн аптада болсо АКШнын Ирак боюнча көзөмөл тобу согуш башталаардын алдында Иракта эч кандай химиялык же биологиялык курал болгон эмес, Саддам өкмөтү өзөктүк программасын жандантууга аракет көргөн эмес деген тыянагын жарыялады.

XS
SM
MD
LG