Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

АКШ МЕНЕН КАНАДАНЫН СУУ БОЮНЧА МАМИЛЕСИ БОРБОРДУК АЗИЯГА ӨРНӨКПҮ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Борбордук Азиядагы эгемендүүлүккө ээ болгон өлкөлөрдүн ортосунда суу ресурстарын бирге пайдалануу боюнча талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер кыйладан бери чечилбей келет. Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны Суу ресурстарын пайдалануу жана кошуна өлкөлөргө сатуу боюнча атайын мыйзам кабыл алганы менен ал иштей электигин адистер белгилешет. Ал эми саясат таануучу Садырбек Жигитеков Американын Канададан суу сатып алуу тажрыйбасын, келишимдерин иликтеп 2 жылдан бери АКШда жүрөт. Ал иликтөөсүнүн айрым жыйынтыктарын телефон аркылуу «Азаттыкка» айтып берди.

- Cадырбек мырза, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери аяк-башын жыйнап, өз байлыгына ээ болууга умтулуп келет. Ошол эле учурда Кыргызстан негизги байлыктарынын бири болгон сууну кошуна өлкөлөргө сата албай келет. Бул абалдан чыгууга болобу?

- Көпчүлүк суу сатууну туура түшүнбөйт экен. Эмне дегенде Казакстанда, Өзбекстанда болобу «күндүр-түндүр кудайдын буйругу менен агып келген сууну кыргыздар бизге сатабыз деген эмне?» деген суроону берип турган кези азыр. Мен түшүндүргүм келет, күндүр-түндүр сууну сатууга болбойт. Кудайдын, жаратылыштын берген суусун, жай айында, сугат айында Кыргызстандын же Тажикстандын суу сактагычтарында кармалып турган сууну сатуу деген маселе чыгып атат азыр. Ошого карата мен жооп берер элем, азыркы убакта суу сатуу маселеси өтө кыйын болуп турат. Биринчиден, суу маселеси экономика проблемасынан саясий проблемага айланып кеткен. Оорчулугу ошол себеп болуп турат. Борбор Азияда мамлекет жетекчилер эгемендүүлүктү саясий амбицияга айлантып жиберишкен. Амбициянын өзөгү бул «өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» дегендикте жатат. Тилекке каршы биздин жетекчилер ушул чектен чыга элек. Ушул себептен суу сатуу маселеси жакын арада чечиле турган эмес.

- Сиз Канаданын АКШга суу сатканы тууралуу тажрыйбаларын, мыйзамдарын иликтеп жатыпсыз. Ал мыйзамдар, келишимдер Кыргызстанга жарайбы? Кыргызстан колдонсо болобу ошол мыйзамдарды?

-АКШ менен Канаданын ортосундагы түзүлгөн мыйзамдарды эч өзгөртпөй туруп эле Кыргызстан колдоно албайт. Ал мыйзамдар эки мамлекеттин ортосунда жүз жылдан ашык убакытта түзүлгөн. Ошол жүз жылдан бери гана суу маселеси саясий маселеден экономика маселесине өткөн. Ошол өткөндө дагы үч тепкич менен өткөн. Биринчи, Канада менен АКШнын ортосунда көп түшүнбөстүк болгон. Биринчи түшүнбөстүк, саясий маселеге айлантып салган бул суу сатууну. Экинчи тепкич, саясий жана экономикалык маселеге өткөн. Анан гана үчүнчү тепкичинде экономика маселесине өтүп, ошондо гана чечилген. Бул АКШ менен Канаданын ортосундагы келишим жетекчилердин астында 1964-жылы коюлуп, ошондон бери АКШ Канадага бир литр сууга 5 центтен төлөйт.

- Сиз иликтеп жаткан келишимдердин негизги өзгөчөлүктөрү эмнеде экен. Сиз азыр эле бир литрге 5 центтен төлөйт дедиңиз. Баш-аягы суу үчүн Америка Кошмо Штаттары Канадага канча каражат төлөп турат экен, канча суммадагы акча?

-Жыл сайын 200-300 миллионго чейин барат. Сууга талапка жараша, кургакчылык болгондо көбүрөөк төлөнөт. Мындан айткым келет, мен иликтеп жаткан келишимдердин өзгөчүлүктөрү эки мамлекеттин ортосунда практика жүзүндө аткаруу механизминде болуп турат. Ал механизмде эки тараптын жоопкерчилиги жана укуктары даана көрсөтүлгөн. Мисалы, Канада жазга карай канча суу топтойт өз суу сактагычтарында, ошол белгиленет. АКШ болсо кайсы убакытта канча суунун көлөмүн алып турат. Ошол график өзгөрүп кетсе күнөөлү тарап штраф төлөйт. Борбор Азиядагы мамлекеттердин келишимдерин карап көрсөк үстүнкү айткан жоопкерчиликтер жок. Үстүртөн гана түзүлгөн келишимдер. Такталган укуктар, жоопкечиликтер азырынча жок.

- Эгер суу сатуу маселеси Кыргызстан үчүн оң чечилип калса, анда өлкө экономикасы андан кандай пайда көрөт?

- Суу сатуу маселеси оң чечилип калса Кыргызстандын экономикасы жакшы эле пайда көрүп калышы мүмкүн деп айтууга болбойт. Суу сатуудан биз жыргап кетебиз, биздин бюджет толуп калат, элдин жашоосу эң сонун болуп кетет деп айтууга мүмкүн эмес. Эмне дегенде, совет доорунда, 90-жылдарда макалалар чыкпады беле, бизде койлор көп, 10 миллиондон ашык кой менен эле Кыргызстан өзүнүн жанын багып, бай өлкө болуп кетет деген. Азыр эми эгемендүүлүк алгандан бери 10 миллион койдон эки жарым миллион эле калды. Азыр болсо эгемендүүлүктү алгандан кийин, биз суу сатсак эле байыйбыз деген дагы бир ураан чыгып атат. Суу маселеси бизди өзгөртөт, экономикалык кризистен алып чыгат деген негизинен туура эмес. Бул жерден суунун пайдасын биз гана эмес коңшу мамлекеттер дагы көргөнгө аракеттенет. Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөйт. Ушул себептен азыр ар бир Борбор Азиядагы мамлекеттин бааны чыгара турган өз ыкмалары бар. Мисалы, Өзбекстандыкы Кыргызстанга туура келбейт. Суу арзан баасында көрсөтүлүшү мүмкүн. Дүйнөдө окумуштуу тараптарынан суунун баасын чыгарган көп ыкмалары түзүлгөн. Бирок баары ушул суу баасы эң туура деген баскычка жете элек. Суу маселеси боюнча чоң талаш-тартыштар бар. Ошого карата Кыргызстан суунун баасын өзүнчө баалап, анан коңшу мамлекеттерге сатса, жанагы эле суу сактагычтарды кармоого жетет ал акча. Ошолорду кармоого каражат жок болуп жатпайбы. Мисалы, эмне үчүн суу сатуу проблемасы көтөрүлүп атат? Ошол суу сактагычтарды, электр энергия чыгара турган ишканаларды сактап калууга. Мисалы, Токтогул суу сактагычы авария болуп, кандайдыр бир суу кетсе бүт Фергана өрөөнү жапырт каптайт. Ошол үчүн суу маселеси бул жагынан каралышы керек. Суу сатуудан пайдасын гана көрбөстөн, чоң трагедияны алып келбесин деген ойдо бул маселе чечилиши керек коңшу мамлекеттер менен жана биздин өкмөт менен.

- Садырбек мырза, мына учурда электр тармактарын, айрым бир ишканаларды, андан кийин каскаддарды сатуу маселеси көтөрүлүп жатат мыйзам чыгаруу жыйынында кыргыз өкмөтүнүн сунушу менен. Бул келечекте кошуналарга суу сатуу маселесинде тоскоол болбойбу?

- Албетте тоскоол болот. Эмне дегенде, бул электр тармактарын, анын ичинде каскаддарды сатуу маселеси көтөрүлүп, ошол маселе биздин мамлекеттин пайдасына көрүлбөй сатылып кетсе, мисалы Орусияга деп коёлу, бул биздин жарым эгемендигибиздин жоготулушу ошондо болот. Өзүбүздүн электр тармактарын башкара албай калсак, бирөөлөр бизге баасын айтып турса, эркиндик жок да анда. Бул электр тармактары, суу сатуу маселеси стратегиялык концепция деп айтылат. Стратегияны ар бир мамлекет өзүнө сактап турушу керек. Ошол аркылуу өзүнүн эгемендигин сактаганы болот.

- Мына сиз Америка Кошмо Штаттарында суу маселеси боюнча иликтөө жүргүзүп жатасыз. АКШга кимдер тарабынан жиберилдиңиз, азыр кайсы жерде ушул маселени иликтеп жатасыз? Ошол тууралуу да угармандарга айта кетсеңиз?

- Мен Америкага төртүнчү жолу келип атам. Төртүнчү жолу келгеним мындайча болду. Институт Кенанга конкурс жарыяланганда, мен суу маселеси боюнча адис катарында өзүмдүн документимди берип катыштым. Ушулардын арасынан менин долбоорумду жакташып, чакырышты. Ошого карата мен азыр Америкада жүрөм. Бул жактан АКШ менен Канададан жарыяланган эле макалаларды, китептерди окуп көрсөм жык-жыйма эң эле көп экен. Буга көп убакыт кетип атат. Биринчи жагынан которуш керек. Экинчи жагынан изилдеш керек. Өзүмдүн оюм бар, өзүбүздүн Борбор Азия мамлекеттериндеги адистерге китеп жазып, тажрыйба көрсөтүп, кандай чыр-чатактар болгонун, ал чыр-чатактар кандай чечилген, ошонун бардыгын көрсөтө турган китеп чыгарсамбы деген ойдомун. Ушул себептен мен ушул жерден бир жагынан изилдеп, экинчи жагынан каражат менен колдой турган демөөрчүлөр деле азыр жок. Өзүм иштеп, кандайдыр бир аракет жасап жатам.

-Анда сизге рахмат телефон аркылуу куруп берген маегиңиз үчүн.
XS
SM
MD
LG