Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

БУУнун ӨКҮЛДӨРҮ ООГАН ШАЙЛООСУН ӨЗГӨЧӨ ОКУЯ КАТАРЫ БААЛАШТЫ


Төрөкул Дооров, Прага Бириккен улуттар уюмунун ырасмий өкүлү Ооганстанда өткөн президенттик шайлоону өлкөнүн саясий системасынын өнүгүшүнө жасалган ишенимдүү кадам болду деп атады. Улуттар уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн башчысынын орун басары Эхди Аннахби билдиргендей, азыр айрым талапкерлер айткан кемчиликтер иликтенүүдө.

Шейшембиде БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Аннахби добуш берүү жараяны жогорку деңгээлдеги уюштуруучулук жана даярдыктар менен өткөндүгүн айтты. Өз кезегинде Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү Ооганстандагы шайлоону мактап, Ооганстан жетекчилигин келерки жылы жазда өтүүчү парламенттик шайлоого астейдил даярданууга чакырышты.

Ооганстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын толук эсептөө иши кеминде дагы эки жумадай убакытты талап кылат. Шайлоодо байкалган кемчиликтер жана катачылыктарды изилдөө иштери эми эле башталды. Ал эми Улуттар уюму өткөн дем алышта болгон шайлоого карата жылуу пикирин билдирди.

Улуттар уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн башчысынын орун басары Эхди Аннахби шейшембиде Коопсуздук кеңешинде добуш берүү жараянында Ооган эли чоң ишенимдүүлүктү даңазалай алышканын айтты:

-Адамдардын катышуу активдүүлүгү, аялдар менен эркектердеги “алгачкы шайлоого катышып жатабыз” деген сыймык сезим менен көтөрүңкү маанай. Ошондой эле мыкты коопсуздук чаралары Ооганстандын демократияга алган багытындагы ийгиликтин эрте келээри тууралуу алдын ала кабар берет.

Аннахбинин айтымында, алгачкы эсептөөлөр шайлоого катышуу өтө жогору болгондугун көрсөтүп жатат. Мисалы, Пакистан менен Иранда жашаган ооганстандыктардын ичинде 800 миң адам добуш беришиптир. Бул – дегеле качкындардын шайлоого катышуусундагы эң жогорку көрсөткүч.

Шайлоого камылга лашкерлерди куралсыздандырууга да чоң түрткү болду. Анын билдирүүсүндө, сентябрдын аяк чендерине карата 22 миң 500 аскер куралсыздандырылган. Бул түрдүү фракциялардын куралдуу күчтөрүнүн үчтөн бирин түзөт:

- Бул көрсөткүчтөрдүн негизинде добуш берүү жараянына камылганын өзү да куралсыздандыруунун ылдамдашына жардам болот деп айта алабыз.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши шайлоону кубаттаган билдирүүсүндө Ооганстандын улуттук полициясы менен армиясынын коопсуздукту сактоодогу аракеттерин да өзгөчө мактады.

Андан сырткары, шайлоодогу нааразычылыкты иликтөө милдетин өзүнө алган Улуттар уюму менен Ооганстан ортосундагы шайлоону уюштуруу боюнча биргелешкен комитеттин аракеттери добуштардын туура эсептелишинде мааниси өзгөчө экендиги айтылды.

Британиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Эмир Жонс Перри билдирүүнү окуп жатып, Ооганстандын алдында турган негизги проблемалар менен милдеттер дале арбын экендигине токтолду.

- Коопсуздук кеңеши Ооганстанды эл аралык коомчулук менен биргеликте өлкөдөгү негизги проблемаларды чечүүгө чакырат. Башкы милдеттердин катарында коопсуздук көйгөйлөрү, келерки жылдын апрелине белгиленген парламенттик шайлоого даярдык, иштен чыккан мекемелерди калыбына келтирүү жана маңзаттарга каршы күрөштү күчөтүү, ошондой эле ооган полициясынын милдеттерин учурдун талабына ылайык аныктоо.

Бириккен улуттар уюмунун чиновниктери Ооганстандагы президенттик шайлоого карата көрүлгөн коопсуздук чаралары “күтүлгөндөн да мыкты” болгондугун айтышты. Ошол эле учурда АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрүн парламенттик шайлоолор өткөнгө чейин ооган жеринен кетпөөгө үндөштү.

XS
SM
MD
LG