Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Германия Иракка байланыштуу өз позициясын өзгөрткөн жок


Бул тууралуу канцлер Герхард Шрөдөр кечээ Римде билдирди. Шрөдөр Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони менен жолугуп, Германия Иракка аскер контингентин жөнөткөнгө ниети жоктугун ырастады. Немец өкмөтүнүн бул маселеде позициясы өзгөрбөгөндүгүн АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер да бышыктады. Баучер мамлекеттик катчы Колин Пауэлл немец тышкы иштер министри Йошка Фишерге телефон чалып, бу тууралуу сурагандыгын билдирди. Фишер Берлиндин позициясында эч кандай өзгөрүүлөр жок экенин тастыктаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG