Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Фаллужада ири масштабдуу операция башталышы мүмкүн


Ирактын убактылуу премьери Ияд Аллави эгер Абу Мусаба аз-Заркави жана анын жасакчылары багынып бербесе өкмөт шаарда аскери чоң операция баштоого даяр экенин эскертти. Шаардын калкы бул чакырыкка жооп кайтарып, экстремисттерди кармап берерине үмүттөнө турганын айтып, болбосо өкмөт күч колдонууга аргасыз болот, деп белгиледи Аллави. Ирак бийлигинин өкүлдөрү Фаллужада өкмөттүк көзөмөл орнотуу маселесин шаардын аксакалдар кеңеши менен талкуулап жатышат. Дүйнөлүк банк кечээ Иракка алтымыш миллион доллар грант бөлө турганын билдирди. Анын баары өлкөдө жаңы мектептерди курууга жана эскилерин кайра жасап-түзөп чыгуу ишине сарпталат.

XS
SM
MD
LG