Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Германия менен Франция Ооганстанда эки командачылыкты бириктирүү сунушун четке какты


Ушу тушта НАТО түндүк Ооганстанда коопсуздукту камсыз кылат, америкалык аскерлерге талиптер менен “ал-каидачыларды” издеп таап, жок кылуу милдети тапшырылган. Кошмо Штаттары бу эки милдетти бириктирип, НАТОнун карамагына берүүнү сунуш кылган эле. Румыниядагы кечээки жыйында Франциянын коргоо министри Мишель Алио-Мари командачылыкты бириктирүүнүн жүйөөсү жок деп билдирди. Германиянын министри Петер Штрук да немец өкмөтү буга каршы экенин ырастады. НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер болсо Ооганстанда эки башка озуйпа идеалдуу иш эместигин белгилеп, ушу себептен улам аларды бириктирүү зарыл экенин көрсөттү. Бу пландын майда-бараты кийин такталат, деп айтты баш катчы.

XS
SM
MD
LG