Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Бүгүн Кытайда орус президентинин визити башталат


Владимир Путин Кытайдын жетекчилери менен терроризм проблемасын, эки тараптуу мамилелерге жана мунай-газ куурларына байланышкан маселелерди талкуулайт. Бүгүн ал Пекинде Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао менен жолугушат, лидерлер саясий, экономикалык, гуманитардык жана эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү документтерге кол коюшат. Эртең Путин Кытайдын премьери Вэн Цзябао менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анын жыйынтыгында Россиянын бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушун колдогон документке кол коюлушу мүмкүн. Орус президентинин визити үч күнгө созулат.

XS
SM
MD
LG